Дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы

Amnesty International уюмунун 2025/26-жылдардагы жылдык отчету

Amnesty International уюму мамлекеттерди адамзат үчүн чечүүчү учурда ырайымсыз, агрессивдүү жана укуктарга каршы тартиптин орношун токтотууга чакырат

  • 2025-жыл көп тараптуулукка, эл аралык укукка жана жарандык коомго каршы агрессивдүү чабуулдар менен коштолду.
  • Сунушталып жаткан альтернатива – расисттик, патриархалдык, теңсиз жана адам укуктарына каршы дүйнөлүк тартип.
  • ‘Нааразычылык акцияларына катышкандар, активисттер жана эл аралык уюмдар каршылык көрсөтүп, бул аракеттерди үзгүлтүккө учуратуу жана өзгөртүү үчүн иш алып барышууда.

Amnesty International уюму бүгүн “Дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы” аттуу жылдык отчетун жарыялап, дүйнө күчтүү мамлекеттердин, корпорациялардын жана адам укуктарына каршы кыймылдардын көп тараптуулукка, эл аралык укукка жана адам укуктарына каршы чабуулдарынын натыйжасында кооптуу жаңы доордун босогосунда турганын эскертти. Уюм 144 өлкөдөгү адам укуктарынын абалына берген баасында мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана жарандык коом ымалага баруу саясатын четке кагып, бул чабуулдарга биргелешип каршы турушу зарыл экенин белгиледи, антпесе бул жаңы тартип бекем орноп калышы мүмкүн.

“Биз доорубуздун эң оор кезеңдеринин бирине туш келип турабыз. Адамзат эл аралык укуктук тартипке каршы багытталган аракеттерге, мыйзамсыз согуштарга жана ойлонбой жүргүзүлгөн экономикалык кысымдар аркылуу өз үстөмдүгүн орнотууга умтулган өкмөттөрдүн басымына кабылып жатат”, – деп билдирди Amnesty International уюмунун башкы катчысы Аньес Калламар.

“Көп жылдар бою Amnesty International дүйнөнүн бардык бурчунда адам укуктарынын акырындык менен начарлап бара жатканын айыптап, өкмөттөр менен корпорациялар тарабынан эрежелердин одоно бузулушунун кесепеттери тууралуу эскертип келген. Ошондой эле биз кош стандарттар жана эл аралык укукту тандап аткаруу көп тараптуу системаны жана жоопкерчиликти кандайча алсыратканын кайра-кайра көрсөтүп келдик”.

Бул эң күчтүү тараптар тарабынан көзөмөлгө алуу, жазасыз калуу жана пайда табуу максатында адам укуктарынын негиздерине жана эрежелерге таянган эл аралык тартипке түздөн-түз кол салуу болуп саналат

Аньес Калламар, Amnesty International уюмунун башкы катчысы

Бул учурду түп-тамырынан айырмалап турган нерсе – биз мындан ары системанын чет-жакасындагы начарлоону гана каттап жаткан жокпуз. Бул эң күчтүү тараптар тарабынан көзөмөлгө алуу, жазасыз калуу жана пайда табуу максатында адам укуктарынын негиздерине жана эрежелерге таянган эл аралык тартипке түздөн-түз кол салуу болуп саналат”.

“Жакынкы Чыгыштагы күчөп бараткан чыр-чатак –  мыйзамсыздыкка карай багыт алуунун түздөн-түз натыйжасы. БУУнун Уставын бузган АКШ менен Израилдин алгачкы мыйзамсыз кол салууларынан кийин Ирандын айырмалоосуз жооп кайтаруусу орун алып, чыр-чатак бат эле жарандарга жана жарандык инфраструктурага каршы ачык согушка айланып, аймактагы элдин ансыз да оор абалын ого бетер күчөттү. Азыр ал дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө да жайылып, бардык жердеги калкка таасирин тийгизип, миллиондогон адамдардын жашоо-тиричилигине коркунуч жаратууда. Адамзатты коргоо үчүн узак убакыт бою түйшүк менен түзүлгөн нормалар, институттар жана укуктук негиздер аларга үстөмдүк кылуу максатында алсыратылганда, дал ушундай абал жаралат”.

“Amnesty International уюмунун 2025ке карата  жылдык отчёту жакындап келе жаткан кыйроо тууралуу эскертүү менен эле чектелбестен, азыр жүрүп жаткан кыйроону документтештирип, анын адам укуктарына, глобалдык туруктуулукка жана 2026-жылы жана андан кийинки мезгилде миллиондогон адамдардын жашоосуна тийгизе турган кыйратуучу кесепеттерин ачып берет. Уюм дүйнө жүзүндөгү мамлекеттерди 2025-жылы кабыл алынган ымалага баруу саясатын тез арада четке кагууга, коркууну жеңүүгө жана ырайымсыз дүйнөлүк тартиптин түзүлүшүнө оозеки түрдө да, иш жүзүндө да каршы турууга чакырат”.

Amnesty International уюмунун 2025/26-жылдардагы жылдык отчетун алыңыз

Агрессивдүү ырйымсыз чабуулдар эл аралык укуктун бузулушун ылдамдатууда

“Дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы” аттуу жылдык отчет жана Amnesty International уюмунун быйылкы документтештирүүлөрү эл аралык укукка каршы кеңири жайылган кылмыштарды жана эл аралык адилеттүүлүк системасына карата күчөп жаткан чабуулдарды көрсөтүп, бул көрүнүштөр дүйнө жүзүндө адам укуктарынын негиздерине олуттуу зыян келтирип жатканын белгилейт.

Израиль Газа тилкесинде палестиналыктарга каршы геноцид саясатын 2025-жылдын октябрындагы ок атышууну токтотуу келишимине карабастан улантып, ошондой эле палестиналыктарга карата апартеид системасын сактап калууда. Ошол эле учурда Чыгыш Иерусалимди кошуп, ал басып алынган Батыш жээгинде  мыйзамсыз конуштарды кеңейтүүнү тездетип, аннексияга карай кадамдарды жасоодо. Израиль бийлиги барган сайын көчүрүлгөндөрдүн палестиналыктарга кол салып, коркутуп-үркүтүүсүнө жазасыз шарт түзүп же аны колдоп, ал эми айрым жогорку кызматтагы өкүлдөр палестиналыктарга карата зомбулукту, анын ичинде негизсиз кармоолорду жана кармалгандарды кыйноону ачыкча мактап, даңазалап келишүүдө.

АКШ Кариб деңизинде жана Тынч океанда кемелерди бомбалоо аркылуу 150дөн ашуун соттон тышкаркы өлтүрүүлөрдү жасаган жана 2026-жылдын январында Венесуэлага каршы агрессия актысын ишке ашырган. Орусия Украинадагы жарандык маанилүү инфраструктурага абадан жасалган чабуулдарын күчөттү, ал эми Мьянманын аскерлери өткөн жылы моторлуу парапландарды колдонуп, айылдарга жарылуучу заттарды таштап, натыйжада ондогон жай тургундардын, анын ичинде балдардын өмүрү кыйылган.

Бириккен Араб Эмираттары Судандагы чыр чатакты курчутуп, “Ыкчам колдоо күчтөрүнө” кытайлык заманбап курал-жарактарды берүү аркылуу колдоо көрсөткөн. Бул күчтөр өткөн жылдын октябрында 18 айга созулган курчоодон кийин Эль-Фашер шаарын басып алып, карапайым калкты массалык түрдө өлтүрүп, сексуалдык зомбулукка барышкан. Конго Демократиялык Республикасында (КДР) Руанданын активдүү колдоосуна ээ болгон М23 куралдуу тобу Гома жана Букаву шаарларын басып алып, жарандарды мыйзамсыз өлтүрүп, кармалгандарды кыйноого алган.

2026-жылдын башында АКШ менен Израилдин БУУнун Уставын бузуу менен Иранга каршы мыйзамсыз күч колдонушу Израилге жана Перс булуңу кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөргө карата Ирандын жооп иретиндеги соккуларын шарттады, ошол эле учурда Израиль Ливанга жасаган чабуулдарын күчөттү. Ирандагы мектепке 100дөн ашык баланын өмүрүн алган АКШнын мыйзамсыз чабуулунан тартып, бардык тараптардын энергетикалык инфраструктурага кыйратуучу соккуларына чейин, чыр – чатакта  миллиондогон жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, буга чейин эле туруксуз аймакта жана андан тышкары жерлерде кеңири таралган, алдын ала көрүүгө боло турган жана узак мөөнөттүү жарандык жана экологиялык зыянга коркунуч келтирип, энергияга, саламаттыкты сактоого, тамак-ашка жана сууга жетүү мүмкүнчүлүгүнө таасирин тийгизди.

Ооганстанда “Талибан” аялдарга каршы басым саясатын күчөтүп, билим алууга, иштөөгө жана эркин жүрүүгө тыюу салган жаңы чектөөлөрдү киргизди. Ал эми Иранда бийлик 2026-жылдын январында нааразычылык акциясына чыккан адамдарды кырып-жоюу менен басып, акыркы ондогон жылдардагы эң кандуу репрессиялардын бирин жүргүздү.

АКШ, Израиль жана Орусия өткөн жылы эл аралык жоопкерчилик механизмдерин, айрыкча Эл аралык кылмыш сотун (ЭКСты), дагы да алсыратты. Трамптын администрациясы ЭКС кызматкерлерине, өнөктөштөрүнө жана БУУнун басып алынган Палестина аймактары боюнча Атайын баяндамачысына каршы санкцияларды киргизсе, Орусиянын соттору ЭКС өкүлдөрүнө карата камакка алуу ордерлерин чыгарды. Мындан тышкары, бир катар башка мамлекеттер Рим статутунан жана кассеталык ок-дарыларды, ошондой эле жөө аскерлерге каршы миналарды тыюу салган келишимдерден чыгышарын же чыгуу ниетин билдиришти.

Агрессорлорго ымалага баруу – баарыбызды күйгөн отко май куюп, келечек муундардын тагдырын да талкалоо дегенди билдирет

Аньес Калламар, Amnesty International уюмунун башкы катчысы

Мамлекеттердин басымдуу көпчүлүгү АКШ, Орусия, Израиль же Кытай тарабынан жасалган агрессивдүү аракеттерди ырааттуу айыптоого же дипломатиялык чечимдерди табууга даяр болгон жок же жөндөмсүз болуп чыкты. Евробиримдиги жана көпчүлүк европалык мамлекеттер АКШнын эл аралык укукка жана көп тараптуу механизмдерге жасаган чабуулдарын ымалага баруу менен кабыл алышты. Алар Израилдин геноцидин токтотуу же дүйнө жүзүндө эл аралык укукка каршы кылмыштарды күчөтүп жаткан жоопкерчиликсиз курал-жарак жана технология берүүлөрдү токтотуу боюнча олуттуу чара көрө алышкан жок. Ошондой эле АКШнын санкцияларынын бутасына алынгандарды, анын ичинде Эл аралык кылмыш сотунун соттору менен прокурорлорун коргоо үчүн бөгөт коюучу мыйзамдарды ишке киргизүүгө да даяр болушкан жок. Италия менен Венгрия өз аймагындагы Эл аралык кылмыш сотунун ордерине туш болгон адамдарды кармоодон баш тартышты, ал эми Франция, Германия жана Польша да ушундай кадамга барарын кыйытып билдиришти.

“Дүйнө лидерлери эл аралык укукка жана көп тараптуу системага каршы чабуулдардын алдында өтө эле баш ийип келишти. Алардын унчукпай турушу жана аракетсиздиги актоого жатпайт. Бул моралдык жактан кыйраган абал жана адам укуктары жаатында көп жылдар бою жетишилген ийгиликтердин артка чегинишине, жеңилүүгө жана жоголушуна алып келет. Агрессорлорго ымалага баруу – баарыбызды күйгөн отко май куюп, келечек муундардын тагдырын да талкалоо дегенди билдирет”, –  деди Аньес Калламар.

“Айрымдар акыркы 80 жылда түзүлгөн системаны жөн гана иллюзия катары четке кагууга аракет кылышы мүмкүн. Бул универсалдуу укуктарды таануу жолундагы талыкпаган аракеттерди, расалык басмырлоого жана аялдарга карата зомбулукка каршы коргоону камсыздаган эл аралык конвенциялардын жана улуттук мыйзамдардын кабыл алынышын, эмгекчилердин жана кесиптик бирликтердин укуктарынын бекемделишин, ошондой эле түпкүлүктүү элдердин укуктарынын таанылышын көз жаздымда калтыруу болуп саналат. Бул мамлекеттер БУУнун Уставын жана Адам укуктарынын жалпы декларациясын сактоону тандаган учурда жакырчылыкты азайтуу, репродуктивдик укуктарды чыңдоо жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу боюнча жетишилген ийгиликтерди унутуу дегенди билдирет.

“Саясий жана экономикалык ырайымсыздыктар, ошондой эле аларды колдогондор көп тараптуу системаны натыйжасыз болгондуктан эмес, алардын үстөмдүгүнө жана көзөмөлүнө кызмат кылбаганы үчүн “өлдү” деп жарыялап жатышат. Буга жооп катары аны иллюзия деп жарыялоо же оңдоого мүмкүн эмес деп четке кагууга болбойт, тескерисинче анын кемчиликтерине каршы туруу, аны тандалма колдонууга чек коюу жана бардык адамдарды бирдей чечкиндүүлүк менен коргой ала тургандай кылып өзгөртүүнү улантуу болушу керек.”

A young boy surrounded by rubble, sitting on top of an unexploded missile.
2025-жылдын 12-ноябрында Газа шаарынын Аль-Римал районунда палестиналык бала жарылбай калган ракетанын үстүндө отурат.
Looking up at a tall building with a large fire raging as firefighter climbs up a ladder towards two people leaning out of one of the windows.
2025-жылдын 22-августунда Орусиянын аткылоосунан кийин Константиновка шаарындагы турак жай имаратында чыккан өрттү өчүрүү үчүн украиналык өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат.

Жарандык коомго каршы күчөтүлгөн чабуулдар дүйнө жүзүнө жайылды

2025-жылы жарандык коомго жана социалдык кыймылдарга каршы чабуулдардын көбөйүшү тереңдеп, адам укуктарын коргоочуларды, уюмдарды жана башкача ой жүгүрткөндөрдү басуу жана мүмкүнчүлүктөрүн чектөө боюнча туруктуу аракеттер дүйнөнүн дээрлик бардык аймактарына жайылды.

Непал жана Танзанияда  бийлик өкүлдөрү саясий жана социалдык-экономикалык талаптарды билдирген нааразылык акцияларын басуу үчүн өлүмгө алып келген мыйзамсыз ашыкча  күч колдонууда өзгөчө этиясыздыкты  көрсөтүштү. Ошондой эле Ооганстан, Кытай, Египет, Индия, Кения, АКШ жана Венесуэла сыяктуу өлкөлөрдө да нааразылык акциялары зордук-зомбулук менен басылып, каршы пикирлер антитеррордук жана коопсуздук мыйзамдары аркылуу кылмыш катары каралып, кыянаттык менен күч колдонуу, мажбурлап жоготуу же соттон тышкаркы өлтүрүүлөр сыяктуу ыкмалар колдонулган.

Улуу Британияда бийлик өкүлдөрү Израилдин курал өндүрүүчүлөрүн жана алардын туунду компанияларын негизинен бутага алган түз аракеттеги нааразылык тармагы – Palestine Action уюмун ашкере кеңири түшүндүрүлгөн антитеррордук мыйзамдардын негизинде тыюу салынган уюмдар тизмесине киргизип, бул тыюуга тынч жол менен каршы чыккан 2 700дөн ашуун адамды камакка алышкан. 2026-жылдын февралында Улуу Британиянын Жогорку Соту муну 2026-жылдын февраль айында мыйзамсыз деп тапкан. Өкмөт бул чечимге даттанууда.

Түркияда бийлик өкүлдөрү Стамбул шаарынын мэри жана президенттикке талапкер Экрем Имамоглунун кармалышынан кийин жүздөгөн тынч нааразычылык акциясына катышкандарды кармап кетишкен. Ал коррупция боюнча айыптоолор менен саясий негизде куугунтукка алынган 400дөн ашуун адамдын катарына кирет..

АКШ бийлиги мигранттарга, качкындарга жана башпаанек издегендерге каршы мыйзамсыз кысымга алган саясатын жүргүзүп, ашыкча жана негизсиз күч колдонууга, расалык белгилөөгө, негизсиз кармоолорго, ошондой эле кыйноого жана мажбурлап жок болууга тете аракеттерге барган. Латын Америкасында Эквадор, Сальвадор, Никарагуа, Парагвай, Перу жана Венесуэла сыяктуу мамлекеттер жарандык коом уюмдарга карата ашыкча көзөмөл киргизген укуктук негиздерди кабыл алып же өзгөртүп, бул алардын ишмердүүлүгүнө, ресурстарга жетүүсүнө, коомчулукту колдоосуна жана адам укуктарын коргоосуна түздөн-түз таасир тийгизген.

Көптөгөн бийлик бутактары, корпорациялык түзүмдөрдүн көмөгү менен, сөз эркиндигин жана маалымат алуу укугун чектөө үчүн тыңчылык программаларды жана санариптик цензураны колдонушту. АКШ бийлиги жасалма интеллектке негизделген көзөмөл куралдарын колдонуп, палестиналыктарга тилектештигин билдирген чет элдик студенттерди бутага алып, аларды кармоого жана депортациялоого аракеттенген. Сербия өкмөтү студенттик нааразылык акцияларына катышкандарга, жарандык коом өкүлдөрүнө жана журналисттерге каршы тыңчылык программаларды жана санариптик экспертиза куралдарын колдонгон. Кения бийлиги жаштар жетектеген нааразылык акцияларын басуу үчүн онлайн коркутууларды, коркутуп-үркүтүүлөрдү, жек көрүүгө үндөөнү жана мыйзамсыз көзөмөлдү камтыган технологиялык репрессия ыкмаларын системалуу түрдө колдонгон.

АКШ, Канада, Франция, Германия жана Улуу Британия баш болгон бир катар мамлекеттер  мунун миллиондогон алдын алууга мүмкүн болгон өлүмдөргө алып келиши ыктымал экенин билишсе да эл аралык жардам бюджеттерин олуттуу кыскартууну жарыялашты же ишке ашырышты. Буга катар айрым учурларда аскердик чыгымдарды кескин көбөйтүү боюнча параллелдүү милдеттенмелерди кабыл алышкан. Бул жарандык коом уюмдарынын басма сөз эркиндигин, климатка туруктуулукту жана гендердик адилеттүүлүктү илгерилетүү, качкындарды, мигранттарды жана башпаанек издегендерди коргоо, ошондой эле саламаттык сактоо жана сексуалдык жана репродуктивдик укуктарды камсыз кылуу боюнча аракеттерине кыйратуучу таасир  тийгизди.

Көптөгөн мамлекеттер миллиардерлердин жана ири корпорациялардын агрессивдүү салык төлөөдөн качуусун жана салыкты айланып өтүүсүн чектөөгө каршылык көрсөтүүнү улантып, ошол эле учурда корпоративдик түзүлүштөргө  коюлган чектөөлөрдү дагы алсыратты. АКШда коомдук катышууга каршы стратегиялык доо арыздар жарандык коомго терс  таасир тийгизип, мындай иштердин биринде сот Greenpeace уюмун казылып алынуучу отун тармагындагы компанияга 345 миллион доллар төлөөгө милдеттендирген (баштапкы 660 миллион доллардан кыскартылган).

АКШ президенти климаттын өзгөрүшүн “алдамчылык” деп мүнөздөгөн шартта, мамлекеттик бийликтер климаттык көчүүнү жөнгө салуу, казылып алынган отундардан  адилеттүү түрдө баш тартуу же климаттык аракеттерди каржылоону жетиштүү деңгээлде көбөйтүү боюнча жетиштүү чара көргөн жок. Бул  БУУнун Айлана-чөйрө программасына ылайык, дүйнө 2100-жылга чейин индустрияга чейинки деңгээлден 3°C жогорулаган чекке жетиши мүмкүн экенин эскерткенине карабастан болууда. “Өздөрү кыйратууга бел байлап жаткан кемчиликтүү болсо да глобалдык системанын ордуна бул зомбулукчулар менен ырайымсыздар кандай альтернатива сунуш кылууда? Алар сунуштаган дүйнөлүк тартип расалык, гендердик жана климаттык адилеттүүлүктү шылдыңдап, көз жаздымда калтырууда. Ошондой эле, жарандык коомду душман катары көрсөтүп, эл аралык тилектештикти четке кагууда. Ал каршы пикирди басууга, мыйзамды куралга айлантууга жана “башкалар” деп саналгандарга  адамгерчиликсиз мамилени жасоону  көздөөдө. Алардын дүйнө жөнүндөгү көз карашы жалпы адамзатка болгон урматка эмес, аскердик күчкө, соода үстөмдүгүнө жана технологиялык гегемонияга таянат. Акыр-аягы, бул –  моралдык багыты жок көз караш”, – деди Аньес Калламар.

A protester stands with both arms in the air, silhouetted against a fire burning in the background.
2026-жылдын 8-январында Тегерандагы нааразычылык акциясында чогулгандар от жагышты.
Aerial view of a large road reaching out into the distance filled with thousands of people.
2025-жылдын 8-сентябрында Катмандуда өткөн нааразылык акциясында демонстранттар Непал парламентинин имаратынын алдына чогулуп, социалдык тармактарга коюлган чектөөлөрдү жана өкмөттөгү коррупцияны айыпташты.

Нааразычылык акцияларына катышкандар, жарандык коом жана эл аралык уюмдар каршылык көрсөтүү, үзгүлтүккө учуратуу жана өзгөртүү аракеттерин жетектөөдө

Кыйынчылыктарга карабастан, дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдар адилетсиздикке жана авторитардык тажрыйбаларга каршы турушууда.

2025-жылы Z муунунун нааразылык акциялары ондогон өлкөлөрдү, анын ичинде Индонезияны, Кенияны, Мадагаскарды, Мароккону, Непалды жана Перуну камтыды, ал эми Венгрияда 300 миңге жакын адам Будапешт Прайдга (Сыймык жүрүшүнө) коюлган тыюуга карабай ЛГБТИ укуктарын коргоо үчүн чыккан. 2026-жылдын башынан бери Лос-Анжелестен Миннеаполиске чейин демонстранттар АКШдагы күч колдонулган жана жогорку деңгээлде аскерлештирилген миграциялык рейддерге каршы көчө сайын, квартал сайын уюшуп чыгышууда.

Өткөн жылы Израилдин геноцидине каршы массалык нааразылык акциялары дүйнө жүзүнө жайылып, 40тан ашуун өлкөдөн келген гуманитардык активисттер палестиналыктарга тилектештик билдирүү үчүн флотилияларды уюштурушту. Израилге курал жеткирүүгө каршы глобалдык активизм да кеңейип, Франция, Греция, Италия, Марокко, Испания жана Швециядагы порт жумушчулары курал жеткирүү жолдорун үзгүлтүккө учуратууга аракеттеништи. Активизм жана укуктук басымдын натыйжасында бир катар мамлекеттер Израилге курал экспорттоону чектөөгө же тыюу салууга өтүштү.

Көптөгөн мамлекеттер эл аралык адилеттүүлүккө каршы чабуулдарга ымалага барган шартта, айрым өлкөлөр жана уюмдар бул тенденцияга каршы чыгып, көп тараптуулукка жана мыйзам үстөмдүгүнө берилгендигин көрсөтүштү. Барган сайын көбүрөөк мамлекеттер Израиль геноцид жасап жатканын таанып, айрымдары Эл аралык укуктун бузулушу үчүн Израилди жоопко тартууга багытталган Гаага тобуна кошулуп, Түштүк Африканын Израилге каршы Эл аралык соттогу ишине колдоо көрсөтүштү.

Филиппиндер мурдагы президент Родриго Дутертени адамзатка каршы кылмыш – киши өлтүрүү боюнча айыптар менен жоопко тартуу үчүн Эл аралык кылмыш сотуна өткөрүп берди. Ошондой эле бул  сот “Талибандын” эки жетекчисине гендердик негиздеги куугунтук үчүн камакка алуу ордерлерин чыгарды. Европа Кеңеши менен Украина Украинага каршы агрессия кылмышы боюнча атайын трибунал түзүүгө макулдашты, ал эми Борбордук Африка Республикасындагы гибриддик сот куралдуу топтун мурдагы алты мүчөсүн согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн айыптуу деп тапты.

Адамзат үчүн тарых жарата турган убакыт – дал ушул учур

Аньес Калламар, Amnesty International уюмунун башкы катчысы

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Ооганстан боюнча көз карандысыз иликтөө механизмин түзүп, Конго Демократиялык Республикасынын чыгыш бөлүгү боюнча фактыларды аныктоо миссиясын жана иликтөө комиссиясын негиздеди, ошондой эле Иран боюнча фактыларды аныктоо миссиясынын мандатын кеңейтти. БУУнун милдеттүү салык конвенциясын жана Адамзатка каршы кылмыштар жөнүндө конвенцияны кабыл алууга карай олуттуу жылыштар болду, ал эми Эл аралык сот жана Америка аралык адам укуктары соту климаттык зыянга жооп кайтаруу боюнча мамлекеттердин адам укуктары боюнча милдеттенмелерин ырастаган маанилүү консультативдик корутундуларды чыгарышты.

2026-жылы дагы көбүрөөк мамлекеттер авторитардык практикаларга жана эрежелерге негизделген тартипке каршы чабуулдарга каршы үн ката башташты, анын ичинде Испания өкмөтү принципиалдуу позициясы менен өзгөчөлөндү, бирок мындай чакырыктар чечкиндүү жана туруктуу аракеттер менен бекемделиши керек.

“Шаар көчөлөрүнөн тартып көп тараптуу форумдарга чейин, 2025-жыл дүйнө жүзүндөгү нааразычылык акциясына катышкандардын, дипломаттардын, саясий лидерлердин жана башка көптөгөн адамдардын каршылык көрсөтүү жана тилектештик багытындагы күчтүү мисалдарын көрсөттү. Биз алардын үлгүсүнө жана кайратына таянып, адам укуктарына, мыйзам үстөмдүгүнө жана универсалдуу баалуулуктарга негизделген дүйнөлүк тартипти кайра ойлоп чыгуу, кайра куруу жана кайра борборго коюу үчүн кайраттуу коалицияларды түзүшүбүз керек”, — деди Аньес Калламар.

“2026-жыл өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздү көрсөтүп, тарых бизге сырттан таңууланган нерсе эмес, аны өзүбүз түзө аларыбызды далилдеген жыл болсун. Адамзат үчүн тарых жарата турган убакыт – дал ушул учур.”

Amongst a crowd of people, a protester, wearing a hat and face covering, holds up a placard with GenZ and skull and cross bones.
2025-жылдын 27-сентябрында Антананаривуда суу жана электр энергиясынын тез-тез өчүрүлүшүнө каршы өткөн нааразылык акциясында бир демонстрант плакат кармап турат.
A row of protesters against a backdrop of palm trees. Their signs say 'Stop Alligator Alcatraz', 'No ICE in paradise' 'Stay out of my swamp'.
2025-жылдын 28-июнунда Флоридадагы Эверглейдс аймагында “Alligator Alcatraz” деп аталган мигранттарды кармоочу борбордун курулушуна каршы нааразылык акциясы өттү.

Дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу көбүрөөк билип алыңыз