Filters applied
8 натыйжалар
-
-
Amnesty International уюму мамлекеттерди адамзат үчүн чечүүчү учурда ырайымсыз, агрессивдүү жана укуктарга каршы тартиптин орношун токтотууга чакырат
Amnesty International уюму бүгүн “Дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы” аттуу жылдык отчетун жарыялап, дүйнө күчтүү мамлекеттердин, корпорациялардын жана адам укуктарына каршы кыймылдардын көп тараптуулукка, эл аралык укукка жана адам укуктарына каршы чабуулдарынын натыйжасында кооптуу жаңы доордун босогосунда турганын эскертти. Уюм 144 өлкөдөгү адам укуктарынын абалына берген баасында мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана жарандык коом ымалага баруу саясатын четке кагып, бул чабуулдарга биргелешип каршы турушу зарыл экенин белгиледи, антпесе бул жаңы тартип бекем орноп калышы мүмкүн.
-
Amnesty International уюмунун жыл сайын өтүүчү “Каттар марафону” 2025 өнөктүгү адамзаттын укук бузууларды кантип жеңе аларын көрсөтөт
Авторитаризм жайылып, климаттын кыйрашы күчөп, эл аралык мыйзамдуулук жоголуу коркунучуна туш болгон дүйнөгө каршы “Amnesty International” уюму, 10-декабрь — Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыл сайын өтүүчү «Каттар марафону» өнөктүгүн баштайт.
-
Amnesty International уюму Кытайдагы Шинжаңда камакка алынган жана дайынсыз жоголгондорго колдоо көрсөтүүгө чакырат
Негизи мусулман этникалык топтон турган 48 адамдын Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык аймагындагы түзөтүүчү лагерлерде кармалып же акыйкат сот чечими жок эле түрмөлөргө жөнөтүлгөнү айтылууда. Башка туткундар менен бирге «Шинжаң туткундарын бошоткула» өнөктүгүнүн каармандары катары алардын саны 120 адамга жетти. Мындай жагдай 2017-жылдан бери бул аймакта кармалган болжолдуу 1 миллион же андан көп эркектер менен аялдардын тагдырын чагылдырат. Кытай өкмөтү атайылап, максаттуу түрдө Шинжаңда негизинен уйгурларды, казактарды жана басымдуу бөлүгү мусулман этникалык топторду бутага алып, аларды массалык түрдө камакка алуу менен кыйноо көрсөтүп жана башка катаал мамилелерди жасап келет. Кытай өкмөтү Шинжаңдагы түзөтүүчү лагерлердеги жана өзүм билемдик менен мыйзамсыз кармалган бардык адамдарды дароо бошотууга тийиш.
-
Кытай: Шиңжандагы туткундардын үй-бүлөлөрү БУУнун узак мөөнөттүү отчетун күтүп жатып, өз пикирлерин билдирүүдө
• Эл Аралык Мунапыс Уюмунун (Amnesty International) негизсиз камакка алуу өнөктүгүнө болжол менен 50гө жакын жаңы кармалгандар кошулуп, алардын жалпы саны 120га жетти.
-
Аялдарга болгон зомбулукка каршы чыгуу акциясында ок тийген: Венди Галарса (Мексика)
-
«Согушта душман өңдүү болгондойбуз»: Кытайдын Шинжаңдагы мусулмандарды массалык камап-кармоосу, кыйноосу жана куугунтуктоосу
-
Кытайдын Шинжаңдагы мусулмандарга кылган катаал басымы адамзатка каршы жазалган кылмыштарга тең келет
Эл аралык Мунапыс Уюму бүгүн жаңы отчетун жана өнөктүгүн баштоо менен: “Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялуу аймагында жашаган уйгурлар, казактар, жана башка басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн улуттук азчылыктын өкүлдөрү, адамзатка каршы жазалган кылмыштарга тең келген жана системалуу түрдө мамлекеттин уюштуруусу менен жалпы камакка алынып, кыйноолорго дуушар болууда жана куугунтукка кабылууда”, деп билдирет.Эл аралык Мунапыс Уюмунун Кризиске каршы күрөшүү тобу 160 беттен турган “Согушта Душман Өңдүү Сыяктуубуз”: Кытайдын Шинжаңдагы Мусулмандарды Массалык Кармап-Камоосу, Кыйноосу жана Куугунтуктоосу’ аттуу отчетунда, Кытай бийлигинин 2017-жылдан бери аталган аймактын мусулман азчылык өкүлдөрүнүн эң башта диний ишенимдерин, маданий каада-салтын жана жергиликтүү тилдерин түп-тамырынан бери жок кылуу багытында ашкере колдонгон чараларын кеңири баяндаган мурдагы туткундардын жаңы көрсөтмөлөрүн жарыялады.Кытай бийлиги Шинжаң аймагына дүйнөдөгү эң таатал байкоо салуу системасын орнотуп, жүздөгөн “тарбия берүү аркылуу трансформациялоо” борборлорун, же башкача айтканда кармоочу лагерлердин кеңири тармагын түзгөн. Лагерлерде кыйноолор жана башка катаал мамилер системалуу түрдө жасалып, секулярдуу, бир тектүү Кытай улутунун жана Коммунисттик партиянын идеалдарын күч менен сиңирүү аракетинде, бул жайлардагы күнүмдүк жашоонун ар бир аспекти катуу көзөмөлгө алынган.

