Amnesty International бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү веб-сайт тажрыйбасын камсыз кылууну көздөйт. Учурда бул багытта бардык колдонуучулар үчүн веб-сайтты өнүктүрүү иштери жүрүүдө жана кайсы жактарын жакшыртуу керектиги боюнча сиздердин пикирлериңизди кубануу менен кабыл алабыз.
ВМЖК менен шайкештик (WCAG)
Amnesty.org – Веб-мазмундун жеткиликтүүлүгү боюнча көрсөтмөлөрдүн (ВМЖК же WCAG) AA деңгээлине шайкеш келүүгө жарым-жартылай жооп берет. Буга карата сайтка жайгаштырылган баракчалардын жана документтердин көптүгүн эске алуу менен жеткиликтүүлүк стандарттарына шайкештикти жакшыртуу процесси да уланууда.
Веб-сайттын жеткиликтүүлүгүн колдоочу функциялар:
- Сайтты клавиатура менен колдонууга болот жана бардык баракчаларда “Негизги бөлүккө өтүү” шилтемеси бар.
- ARIA белгиси же бул веб-баракчанын негизги аймагын, мисалы, аталыш, негизги мазмунду же багытты аныктаган атайын HTML атрибуту, ал экран окугучтар сыяктуу жардамчы технологияларды колдонгон колдонуучуларга баракчаны натыйжалуу колдонууга жардам берүү үчүн коюлган.
- Колдонуучулар көпчүлүк баракчаларда браузердеги текстти эч кандай көйгөйсүз чоңойто алышат, же көлөмүн кыйла чоңойтуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.
Белгилүү көйгөйлөр
- Баракчалардын аталыштары дайыма эле ырааттуу же иерархиялык түрдө колдонула бербейт.
- amnesty.org сайтындагы PDF файлдарынын көбү ВМЖКтын (WCAG) жана PDF/UA жеткиликтүүлүк стандарттарына жарым-жартылай гана шайкеш келет.
- Кээ бир сүрөттөрдүн түс контрасты начар же текст түрүндө жайгашылып калган.
- Кээ бир сүрөттөрдө альтернативдик текст жок. Бул көйгөй эски баракчаларда көбүрөөк кездешет.
- Кээ бир видеолордо аудио сүрөттөмө (audio description) жок.
- Аз сандагы видеолордо субтитрлер, титрлер же транскрипттер жок. Башка видеолордо булар автоматтык түрдө иштелип чыккандыктан, пайда болгон сүрөттөмөлөрдүн тууралыгына таасир этиши мүмкүн.
- Сайттагы материалдардын мазмуну, көпчүлүгү жөнөкөй англис тилинде жазылган эмес жана аларды окууда жогорку деңгээлдеги тилди билүүнү талап кылат.
- Үчүнчү тараптын платформаларынан алынып, киргизилген кээ бир контенттер веб-сайттагы башка контенттерге салыштырмалуу жеткиликтүү эмес. Буга тиешелүү контенттер инфографика, видео жана аудио материалдарды камтыйт. Жеткиликтүүлүк көйгөйлөрү бар мындай контенттер эски баракчаларда көбүрөөк кездешет. Биз азыр үчүнчү тараптын платформаларынан алынып киргизилген контенттерди, айрыкча, толук жеткиликтүү эмес платформалардан алынгандарды колдонууну азайтуунун үстүндө аракет көрүп жатабыз.
- Учурда биз иштеп жаткан техникалык жеткиликтүүлүк боюнча көйгөйлөрдүн тизмесин төмөнкү шилтемеден караңыз: https://github.com/amnestywebsite/humanity-theme/issues?q=is%3Aopen+is%3Aissue+label%3Aaccessibility.
Кайтарым байланыш
Эгер сиз белгилүү бир баракчада көйгөйгө туш болсоңуз же жардам керек болсо, биз менен байланышыңыз.

