Купуялуулук саясаты

Кириш сөз

Amnesty International көп жылдардан бери купуялуулук укугун коргоо жана мыйзамсыз көзөмөлгө, ошондой эле жеке турмушка негизсиз кийлигишүүгө каршы өнөктүк жүргүзүп келет. Биз адамдар биз менен бөлүшкөн жеке маалыматтарды иштетүүдө да ушундай эле кылдат мамиле жасайбыз.

Бул Купуялуулук саясаты (мындан ары – “Саясат”) биз кандай жеке маалыматтарды чогултарыбызды, аларды эмне үчүн пайдаланарыбызды, сиздин жеке маалыматыңызды чогултуу жана сактоо үчүн кайсы мыйзамдуу негиздерге таянарыбызды, маалыматтарды ким менен бөлүшөрүбүздү, аларды канча убакытка чейин сактай турганыбызды жана сизде кандай укуктар бар экенин түшүндүрөт. Биз бул Cаясатты түшүнүүгө жана пайдаланууга жеңилирээк болушу үчүн жөнөкөй тилде даярдадык.

Бул Саясат Amnesty International Limited караштуу (б.а. Amnesty International кыймылынын Эл аралык катчылыгына караштуу) www.amnesty.org веб-сайты жана Эл аралык катчылык тарабынан башкарылган жана иштетилген башка веб-сайттар, онлайн тутумдар, формалар, өнөктүктөр, билим берүү иш-чаралары, кайрымдуулук баракчалары, мүчөлүккө кызыгуу формалары, жумушка кабыл алуу процесстери жана биз иштеткен коомчулукка багытталган башка кызматтар аркылуу иштетилген жеке маалыматтарга карата колдонулат.

Ушул Саясатта колдонулган “Amnesty International”, “биз”, “бизге” же “биздин” деген түшүнүктөр Amnesty International уюмунун Эл аралык катчылыгынын негизги операциялык компаниясы болуп саналган Amnesty International Limited компаниясын билдирет (https://www.amnesty.org/en/about-us/). Amnesty International Limited Англия жана Уэльс мыйзамдарына ылайык кепилдик аркылуу чектелген компания катары 01606776 каттоо номери менен катталган.

Ушул Саясатта камтылган жеке маалыматтар боюнча Amnesty International маалыматтарды көзөмөлдөөчү болуп саналат. Бул биздин мындай маалыматтар эмне үчүн жана кандайча пайдаланыларын аныктаарыбызды билдирет. Биздин байланыш маалыматтарыбыз ушул Саясаттын аягында көрсөтүлгөн. Эгерде сизде суроолор болсо же купуялуулукка байланыштуу укуктарыңызды ишке ашырууну кааласаңыз, биз менен почта, электрондук почта же телефон аркылуу байланышсаңыз болот.

Amnesty International кыймылынын айрым бөлүктөрү, түзүмдөрү же өнөктөш уюмдары өздөрүнүн өзүнчө купуялуулук саясаттарына ээ болушу мүмкүн. Эгерде башка уюм сиздин маалыматыңыз боюнча маалыматтарды көзөмөлдөөчү болуп саналса, анда ушул Саясат андай уюмдардын эреже – шарттарын алмаштырбайт.

Биз чогулткан жеке маалыматтар

Биз чогулткан жеке маалыматтар сиздин биз менен кандайча өз ара аракеттенүүнү тандаганыңызга жараша болот. Сиз биздин веб-сайттардагы бардык барактарды өзүңүздүн ким экениңизди билдирбестен пайдалана аласыз. Ошондой эле, биз сиздин IP-дарегиңиз, түзмөк тууралуу маалымат жана cookie файлдары же окшош технологиялар аркылуу алынган маалымат сыяктуу техникалык маалыматтарды чогултушубуз мүмкүн.

Биз жеке маалыматтарды сизге карата төмөнкү учурларда чогултабыз:

  • петицияга кол койгондо, онлайн аракетке катышканда же өнөктүккө кошулганда;
  • Amnesty International уюмуна кошулууга же эл аралык мүчө болууга кызыгууңузду билдиргенде;
  • бизге кайрымдуулук каражатын жөнөткөндө же башка төлөм жасаганда;
  • жаңыртууларга, иш-чараларга, фандрайзингге байланыштуу коммуникацияларга же бизден келген башка билдирүүлөргө жазылганда;
  • адам укуктары боюнча билим берүү курстарына катталганда;
  • Amnesty International Decoders сыяктуу башка онлайн өнөктүктөргө же иш-чараларга катышканда;
  • биздеги кызмат ордуна, ыктыярчылык мүмкүнчүлүгүнө, тажрыйба өтүүгө же ушуга окшош орунга арыз бергенде;
  • биз менен байланышканда, суроо-талап жөнөткөндө, даттануу бергенде же купуялуулукка байланыштуу укуктарыңызды ишке ашырганда; же
  • биздин веб-сайттарды, электрондук каттарды, формаларды, социалдык тармактардагы баракчаларды же башка онлайн кызматтарды пайдаланганда.

Биз чогулткан жеке маалыматтар төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:

  • сиздин аты-жөнүңүз, жашыңыз же жаш курагыңыз, дарегиңиз, электрондук почта дарегиңиз жана телефон номериңиз;
  • өлкөңүз, тилиңиз, коммуникациялык артыкчылыктарыңыз жана Amnesty International уюмуна байланыштуу кызыгууларыңыз;
  • петицияларда, өнөктүк аракеттеринде, мүчөлүккө кызыгуу формаларында, курска катталууда, сурамжылоолордо, суроо-талаптарда же даттанууларда сиз берген маалыматтар;
  • кайрымдуулук жана төлөм жөнүндө маалыматтар, анын ичинде кайрымдуулук суммасы, датасы, төлөмдүн абалы жана төлөмдүн реквизити. Төлөм картасына байланыштуу маалыматтар  үчүнчү жактын бул кызматты көрсөтүүчүлөрү тарабынан аткарылат. Amnesty International сиздин картаңыздын толук реквизиттерин сактабайт;
  • техникалык маалыматтар, мисалы IP-дарек, түзмөктүн түрү, браузердин түрү, операциялык тутум, кирген барактар, басылган шилтемелер, кирген күн жана убакыт, техникалык маалыматтардын негизинде болжолдуу аныкталган жайгашкан жер, cookie файлдарынын идентификаторлору жана башка окшош онлайн идентификаторлор. Мындай маалыматтарды биз да чогултушубуз мүмкүн жана биздин үчүнчү жак төлөм кызмат көрсөтүүчүлөрү да өздөрүнүн шарттарына ылайык чогултушат. Amnesty International үчүнчү жак кызмат көрсөтүүчүлөрдүн купуялуулук саясаттары үчүн жооп бербейт;
  • жумушка кабыл алууга байланыштуу маалыматтар, мисалы арызыңыз, өмүр баяныңыз (CV), коштомо катыңыз, эмгек таржымалыңыз, квалификацияңыз, сунуш каттарыңыз, маектешүү боюнча эскертмелер, баалоо жыйынтыктары, иштөөгө укукту ырастоочу маалыматтар жана жумушка кабыл алуу процессин башкаруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтар;
  • сиз маалымат берүүнү тандаган учурларда, биз менен өз ара аракеттенүүңүз мындай маалыматтарды ачып берген же болжолдогон учурларда, же биз аларды пайдаланууга укуктуу жана бул мыйзамдуу болгон учурда — өзгөчө категориядагы маалыматтар. Буга расалык же этникалык келип чыгышыңыз, саясий көз караштарыңыз же ишенимдериңиз, диниңиз же ишенимиңиз, кесиптик бирликке мүчөлүгүңүз, ден соолугуңуз, майыптыгыңыз, жыныстык жашооңуз же сексуалдык ориентацияңыз жөнүндө маалыматтар кириши мүмкүн; жана
  • кылмыш-жаза укук бузууларына байланыштуу маалыматтар, эгерде алар жумушка кабыл алуу процессине, коргоо жана коопсуздук чараларына, алдамчылыктын алдын алууга, укуктук дооматтарга, мыйзамдык милдеттенмелерге же башка мыйзамдуу максатка тиешелүү болсо.

Биз өзүбүзгө зарыл болгон маалыматтарды гана сурайбыз. Эгерде маалымат берүү милдеттүү эмес болсо, мүмкүн болгон учурда муну ачык көрсөтөбүз. Эгерде сиз кызмат көрсөтүү, кайрымдуулук төлөмүн иштетүү, арызды баалоо же мыйзамдык талапты аткаруу үчүн бизге зарыл болгон маалыматтарды бербесеңиз, биз мындай аракеттерди жүзөгө ашыра албай калышыбыз мүмкүн.

Биздин веб-сайттар cookie файлдарын жана окшош технологияларды колдонушат. Аларга чакан файлдар, пикселдер, тэгдер жана жергиликтүү сактагыч (local storage) кириши мүмкүн. Алар веб-сайттардын иштешине, тандоолорду эстеп калуусуна, адамдар биздин кызматтарды кандайча пайдаланарын түшүнүүгө, өнөктүктөрдүн натыйжалуулугун өлчөөгө, мазмунду өркүндөтүүгө жана мыйзам жол берген учурларда жарнамага же фандрайзинг ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүүгө жардам берет.

Айрым cookie файлдары биздин веб-сайттардын иштеши үчүн зарыл. Башкалары кошумча мүнөзгө ээ. Мыйзам талап кылган учурларда, биз кошумча cookie файлдарын же окшош технологияларды орнотуудан мурда сиздин макулдугуңузду сурайбыз. Сиз өз тандоолоруңузду биздин веб-сайттардагы cookie файлдарын башкаруу куралдары аркылуу же браузериңиздин жөндөөлөрү аркылуу өзгөртө аласыз.

Cookie файлдары жана окшош технологиялар IP-даректерди, түзмөк идентификаторлорун, браузер жөнүндө маалыматты, көрүлгөн барактарды, басылган шилтемелерди жана онлайн активдүүлүккө байланыштуу башка маалыматтарды чогултушу мүмкүн. Бул маалыматтардын айрымдары сиздин тандоолоруңузга жана колдонулган технологияга жараша аналитика, жарнама же социалдык медиа платформалары менен бөлүшүлүшү мүмкүн. Cookie файлдары, пикселдер же окшош технологиялар жарнама, аудиторияны өлчөө же ар түрдүү веб-сайттар боюнча байкоо жүргүзүү үчүн колдонулган учурда, биз аларды мыйзам уруксат берген жана сиздин cookie файлдары боюнча тандоолоруңузга шайкеш келген учурларда гана колдонобуз.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, анын ичинде биз колдонгон cookie файлдарынын түрлөрү жана аларды кантип башкарууга боло турганы тууралуу, биздин Cookie жөнүндө билдирүүбүздү окуп чыгыңыз (https://www.amnesty.org/ky/cookie-statement/).

Сиздин жеке маалыматыңызды кандайча пайдаланабыз жана буга карата биздин мыйзамдуу негиздерибиз

Маалыматтарды коргоо мыйзамдары жеке маалыматтарды пайдалануу үчүн бизде мыйзамдуу негиз болушу керек экенин белгилейт. Биз маалыматтарды пайдалануунун максатына жана алынган маалыматтын түрүнө жараша ар кандай мыйзамдуу негиздерге таянабыз.

Биз сиздин жеке маалыматыңызды төмөндө көрсөтүлгөн максаттар үчүн пайдаланабыз:

Онлайн өнөктүк жана билим берүү иш-чаралары

Биз петицияларды, электрондук кат аркылуу жүргүзүлүүчү аракеттерди, өнөктүктөрдү жана башка онлайн иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн жеке маалыматтарды пайдаланабыз. Эгерде белгилүү бир өнөктүктүн алкагында сиз жасаган аракетти тиешелүү алуучуга жөнөтүү талап кылынса, биз бул үчүн да сиздин маалыматыңызды иштете алабыз. Мындай учурларда биз, адатта, конкреттүү аракеттин мүнөзүнө жараша сиздин макулдугуңузга, адам укуктарын коргоо боюнча өнөктүк жүргүзүүгө болгон мыйзамдуу кызыкчылыктарыбызга же ушул экөөнө тең таянабыз. Эгерде иштетилген маалымат өзгөчө категориядагы маалымат болуп саналса же сиздин катышууңуз ушундай маалыматтарды ачып бериши же кыйыр түрдө көрсөтүшү мүмкүн болсо, анда биз контекстке жараша маалыматтарды коргоо мыйзамдарына ылайык колдонууга тийиш болгон кошумча укуктук шартка да таянабыз. Мындай шарттарга, мисалы, сиздин ачык-айкын макулдугуңуз, өзүңүз ачык жарыялаган маалымат, олуттуу коомдук кызыкчылык же мыйзамда каралган башка тиешелүү негиз кириши мүмкүн.

Ошондой эле биз сиз катталган адам укуктары боюнча билим берүү курстарын, иш-чараларды же башка кызматтарды көрсөтүү үчүн жеке маалыматтарды пайдаланабыз. Бул учурда биз келишимге, келишим түзүлгөнгө чейинки аракеттерге, тиешелүү учурларда сиздин макулдугуңузга жана мындай кызматтарды көрсөтүүгө жана өркүндөтүүгө болгон мыйзамдуу кызыкчылыктарыбызга таянабыз.

Сиздин билдирүүлөрүңүзгө жооп берүү

Сиздин суроо-талаптарыңызга, даттанууларыңызга жана өтүнүчтөрүңүзгө жооп берүү үчүн биз сиздин жеке маалыматыңызды пайдаланабыз. Бул үчүн биз, негизинен, биз менен байланышкан адамдарга жооп берүүгө болгон мыйзамдуу кызыкчылыктарыбызга таянабыз. Ал эми мыйзам бизден жооп берүүнү же тиешелүү жазууларды сактоону талап кылган учурларда, биз мыйзамдык милдеттенмеге таянабыз.

Өнөктүк боюнча жаңыртуулар

Өнөктүктөр боюнча жаңыртууларды, фандрайзингге байланыштуу кайрылууларды, жаңылыктар бюллетендерин жана башка маркетингдик билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн биз сиздин жеке маалыматыңызды пайдаланабыз. Мыйзам талап кылган учурларда биз макулдукка таянабыз, ал эми мыйзам уруксат берген учурларда мыйзамдуу кызыкчылыктарга да таянышыбыз мүмкүн. Сиз мындай билдирүүлөрдөн каалаган убакта баш тарта аласыз.

Мүчөлүк

Amnesty International уюмуна кошулууга болгон кызыгууңузду кароо жана тиешелүү учурларда эл аралык мүчөлүктү администрациялоо үчүн биз сиздин жеке маалыматыңызды пайдаланабыз. Бул үчүн биз келишимге, келишим түзүлгөнгө чейинки аракеттерге, мыйзамдуу кызыкчылыктарга жана тиешелүү учурларда мыйзамдык милдеттенмеге таянабыз.

Фандрайзинг

Кайрымдуулук төлөмдөрүн жана башка төлөмдөрдү иштетүү, төлөмдү ырастоочу документтерди (дүмүрчөктөрдү) жөнөтүү, төлөм жазууларын жүргүзүү жана алдамчылыктын алдын алуу  үчүн биз сиздин жеке маалыматыңызды пайдаланабыз. Бул үчүн биз келишимге, мыйзамдык милдеттенмеге жана мыйзамдуу кызыкчылыктарга таянабыз. Ошондой эле биз төлөмдөргө байланыштуу маалыматтарды финансылык, салыктык, аудиттик жана акчаны адалдоого каршы талаптарды аткаруу үчүн пайдаланышыбыз мүмкүн.

Жумушка кабыл алуу

Кызматка орношуу, ыктыярчылык, стажировка жана ушуга окшош арыздарды баалоо жана башкаруу үчүн биз жеке маалыматтарды пайдаланабыз. Бул үчүн биз келишим түзүлгөнгө чейинки аракеттерге, келишимге, мыйзамдык милдеттенмеге жана ылайыктуу адамдарды адилеттүү жана натыйжалуу тартипте тандоого болгон мыйзамдуу кызыкчылыктарыбызга таянабыз.

Жумушка кабыл алуу процессинде ар түрдүүлүккө, инклюзияга жана бирдей мүмкүнчүлүктөргө мониторинг жүргүзүү үчүн биз маалыматтарды пайдаланышыбыз мүмкүн. Мүмкүн болгон учурларда биз адатта анонимдештирилген же жалпыланган маалыматтарды колдонобуз. Эгерде биз аныкталуучу өзгөчө категориядагы маалыматтарды колдонсок, анда ачык-айкын макулдукка же маалыматтарды коргоо мыйзамдарына ылайык башка тиешелүү шартка, мисалы колдонууга тийиш болгон учурларда теңчилик боюнча мониторинг жүргүзүү максатындагы олуттуу коомдук кызыкчылык шартына таянабыз.

Онлайн кызматтарыбызды коргоо жана өркүндөтүү

Веб-сайттарыбыздын, тутумдарыбыздын, кызматкерлерибиздин жана маалыматтарыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, анын ичинде кыянаттык менен пайдалануунун, алдамчылыктын, кибер инциденттердин жана уруксатсыз жетүүнүн алдын алуу үчүн колдонобуз. Биз мыйзамдуу кызыкчылыктарга жана тиешелүү учурларда мыйзамдык милдеттенмеге таянабыз.

Ошондой эле биз веб-сайттарыбызды, өнөктүктөрүбүздү, кызматтарыбызды жана коммуникацияларыбызды талдоо жана өркүндөтүү үчүн жеке маалыматтарды пайдаланышыбыз мүмкүн. Бул үчүн биз мыйзамдуу кызыкчылыктарга, ошондой эле кошумча cookie файлдары же окшош технологиялар үчүн талап кылынган учурларда макулдукка таянабыз.

Укуктук жана башкаруу талаптары

Биз ишибизди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон учурларда маалыматтарды Amnesty International кыймылынын ичинде жана кызмат көрсөтүүчүлөр менен бөлүшүү үчүн жеке маалыматтарды пайдаланабыз. Контекстке жараша биз мыйзамдуу кызыкчылыктарга, келишимге, мыйзамдык милдеттенмеге же макулдукка таянабыз.

Ошондой эле биз укуктук дооматтарды белгилөө, жүзөгө ашыруу же коргоо, соттун буйруктарын аткаруу, мамлекеттик органдардын мыйзамдуу суроо-талаптарына жооп берүү жана жөнгө салуучу же мыйзамдык милдеттерди аткаруу үчүн жеке маалыматтарды пайдаланышыбыз мүмкүн. Бул үчүн биз мыйзамдык милдеттенмеге, мыйзамдуу кызыкчылыктарга жана тиешелүү учурларда коомдук кызыкчылыкка же укуктук дооматтарга байланыштуу шарттарга таянабыз.

Сейрек учурларда, биз жеке маалыматтарды кимдир бирөөнүн турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгон учурда, мисалы өзгөчө кырдаалда, же мыйзам тарабынан таанылган маанилүү коомдук кызыкчылык максатында пайдаланышыбыз мүмкүн.

Өзгөчө категориядагы маалыматтар жана кылмыш-жаза укук бузууларына байланыштуу маалыматтар

Өзгөчө категориядагы маалыматтар кошумча коргоону талап кылат. Биз менен өз ара аракеттенүүнүн айрым формалары сиз тууралуу купуя мүнөздөгү маалыматтарды ачып бериши же болжолдошу мүмкүн, мисалы сиздин саясий көз караштарыңыз, ишенимдериңиз, өнөктүккө байланыштуу кызыгууларыңыз, адам укуктарына байланыштуу маселелериңиз, жеке тажрыйбаңыз, ден соолугуңуз, майыптыгыңыз, этностук таандыгыңыз, диниңиз же ишенимиңиз, жыныстык жашооңуз же сексуалдык ориентацияңыз жөнүндө маалыматтар. Мисалы, мындай жагдай сиз петицияга кол койгондо, өнөктүк иш-аракетине катышканда, адам укуктарына байланыштуу маселе боюнча биз менен байланышканда, өзүңүздүн жеке жагдайларыңыз тууралуу бизге маалымат бергенде, кандайдыр бир иш-чарага катышканда, кызмат ордуна талапкер катары кайрылганда же көп түрдүүлүккө байланыштуу маалыматтарды берүүнү тандаганда келип чыгышы мүмкүн.

Биз өзгөчө категориядагы маалыматтарды алар тиешелүү, зарыл жана пропорционалдуу болгон учурда гана, ошондой эле бизде Улуу Британиянын Жалпы маалыматтарды коргоо регламентинин (UK GDPR), Евробиримдиктин Жалпы маалыматтарды коргоо регламентинин (EU GDPR) же колдонууга тийиш болгон башка маалыматтарды коргоо мыйзамдарынын негизинде мыйзамдуу негиз да, өзгөчө шарт да болгон учурда гана пайдаланабыз. Контекстке жараша мындай негиздерге сиздин ачык-айкын макулдугуңуз, эмгек жана социалдык коргоо мыйзамдары, олуттуу коомдук кызыкчылык, теңчилик боюнча мониторинг, турмуштук маанилүү кызыкчылыктар, сиз ачык жарыялаган маалыматтар, укуктук дооматтар же маалыматтарды коргоо мыйзамдарында каралган башка колдонууга тийиш болгон шарт кириши мүмкүн.

Биз Amnesty International уюмун колдооңузга, өнөктүктөргө, петицияларга же башка аракеттерге катышууңузга, ошондой эле сиз катышкан адам укуктарына байланыштуу маселелерге тиешелүү маалыматтар сезимтал мүнөзгө ээ болушу мүмкүн экенин түшүнөбүз, айрыкча эгерде мындай маалыматтар сиздин саясий көз караштарыңызды, ишенимдериңизди, байланыштарыңызды же сизге же башка адамдарга болгон тобокелдиктерди ачып бериши мүмкүн болсо эске алынат. Ошондуктан биз кандай маалыматтарды чогултууну, аларды кандайча пайдаланууну, ким менен бөлүшүүнү, канча убакытка чейин сактоону жана кандай коргоо чараларын колдонууну чечүүдө муну эске алабыз.

Эгерде маалымат айрым адамдар үчүн өзгөчө тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн болсо, мисалы өнөктүкчүлөр, колдоочулар, даттануучулар, адам укуктарын коргоочулар, күбөлөр, аялуу адамдар же тобокелдиги жогору өлкөлөрдө же жагдайларда жүргөн адамдар үчүн, биз кошумча коргоо чараларын колдонушубуз мүмкүн. Мындай чараларга жеткиликтүүлүктү чектөө, маалымат бөлүшүүнү чектөө, чогултулуучу маалыматтын көлөмүн минималдаштыруу же тиешелүү учурларда анонимдештирилген же псевдонимдештирилген маалыматтарды колдонуу кириши мүмкүн.

Кылмыш-жаза укук бузууларына байланыштуу маалыматтар да кошумча коргоону талап кылат. Биз мындай маалыматтарды мыйзам уруксат берген учурда жана алар тиешелүү, пропорционалдуу жана зарыл болгон учурда гана пайдаланабыз. Бул жумушка кабыл алуудагы текшерүүлөрдү, коргоо жана коопсуздук чараларын, алдамчылыктын алдын алууну, мыйзамдык милдеттенмелерди, жөнгө салуучу талаптарды же укуктук дооматтарды камтышы мүмкүн.Bottom of Form

Маркетингдик жана фандрайзингге байланыштуу коммуникациялар

Биздин коммуникациялар пайдалуу жана урматтоо принциптерине ылайык болушун каалайбыз. Биз сиз менен адам укуктары боюнча өнөктүктөр, аракеттер, иш-чаралар, билим берүү, фандрайзинг, мүчөлүк жана биздин ишти колдоонун жолдору тууралуу байланышууга укуктуу болушубуз мүмкүн.

Эгерде мыйзам макулдукту талап кылса, биз маркетингдик же фандрайзингге байланыштуу электрондук каттарды же ушуга окшош электрондук коммуникацияларды жөнөтүүдөн мурда сиздин макулдугуңузду сурайбыз. Эгерде мыйзам бизге мыйзамдуу кызыкчылыктарга таянууга жол берсе, анда да биз сизге мындай байланыштардан баш тартуунун түшүнүктүү жана жеткиликтүү жолдорун сунуштайбыз.

Биз коммуникацияларыбызды сиз үчүн көбүрөөк ылайыктуу кылууга жана зарыл эмес билдирүүлөрдү жөнөтүүдөн качууга көмөк көрсөтүү максатында сиз жөнүндө чектелген көлөмдөгү маалыматтарды, мисалы сиздин өлкөңүз, тилиңиз, коммуникациялык артыкчылыктарыңыз, мурдагы өз ара аракеттенүүлөрүңүз, кайрымдуулук таржымалыңыз, өнөктүккө байланыштуу кызыгууларыңыз же веб-сайттагы активдүүлүгүңүз жөнүндө маалыматтарды пайдаланышыбыз мүмкүн. Биз мыйзам уруксат берген жана тиешелүү коргоо чаралары камсыз кылынган учурларды кошпогондо, маркетинг, фандрайзингдик профилдештирүү же аудиторияны багыттоо максаттары үчүн өзгөчө категориядагы маалыматтарды, балдардын маалыматын же аялуу адамдар тууралуу маалыматтарды атайылап колдонбойбуз.

Сиз каалаган убакта катталуудан баш тарта аласыз же артыкчылыктарыңызды өзгөртө аласыз. Бул үчүн биздин электрондук каттардагы жазылуудан баш тартуу шилтемесин колдоно аласыз, биз сунуш кылган артыкчылыктарды башкаруу куралдарын пайдалана аласыз же ушул саясаттын аягында көрсөтүлгөн байланыш маалыматтары аркылуу биз менен байланыша аласыз. Ошондой эле сиз түз маркетинг үчүн, анын ичинде ага байланыштуу профилдештирүү үчүн, жеке маалыматыңызды пайдаланууга каршы чыгууга укуктуусуз. Эгерде сиз каршы чыксаңыз, биз сиздин жеке маалыматыңызды мындай максаттар үчүн пайдаланууну токтотобуз.

Эгерде сиз маркетингдик же фандрайзингге байланыштуу коммуникациялардан баш тартсаңыз, биз сиз менен кызматтык билдирүүлөр боюнча байланышышыбыз мүмкүн. Мисалы, биз сизге төлөмдү ырастоочу документтерди (дүмүрчөктөрдү) жөнөтүшүбүз, өтүнүчтөрүңүзгө жооп беришибиз, курс же арыз боюнча маалымат беришибиз же биз менен болгон мамилеңизге байланыштуу маанилүү маалыматтарды беришибиз мүмкүн.

Сиздин жеке маалыматыңызды бөлүшүү

Биз сиздин жеке маалыматыңызды сатпайбыз. Биз аны тиешелүү негиз жана ылайыктуу коргоо чаралары болгон учурларда гана бөлүшөбүз.

Биз жеке маалыматтарды төмөнкү жактар менен бөлүшүшүбүз мүмкүн:

  • Amnesty International дүйнөлүк кыймылынын башка бөлүктөрү, анын ичинде улуттук секциялар, түзүмдөр жана байланышкан уюмдар менен, эгерде бул өнөктүктөрдү жүргүзүүгө, сиздин Amnesty International уюмуна кошулуу кызыгууңузга жооп берүүгө, жергиликтүү деңгээлдеги катышууну колдоого же адам укуктары жаатындагы ишибизди илгерилетүүгө көмөк көрсөтсө;
  • биз үчүн маалыматтарды иштеткен кызмат көрсөтүүчүлөр менен, мисалы веб-сайттын хостинг кызматтары, IT кызмат көрсөтүүчүлөр, электрондук почта жана байланыш кызматтары, кайрымдуулук төлөмдөрүн жана төлөмдөрдү иштетүүчүлөр, окуу курстарын камсыз кылуучулар, жумушка кабыл алуу платформалары, аналитикалык кызмат көрсөтүүчүлөр жана колдоо кызматтарын көрсөткөн уюмдар менен;
  • төлөмдөрдү иштетүү, алдамчылыктын алдын алуу же шектүү алдамчылык операцияларын кароо үчүн зарыл болгон учурларда банктар, төлөм кызматтарын көрсөтүүчүлөр, тиешелүү финансылык мекемелер жана алдамчылыктын алдын алуу же текшерүү кызматтары менен;
  • жумушка кабыл алуу процессине тиешелүү жана мыйзамдуу болгон учурларда жумушка кабыл алуу кызматтарын көрсөткөн уюмдар, сунуш берүүчүлөр, текшерүү жүргүзүүчүлөр жана жалдоо процессине катышкан башка уюмдар менен;
  • мыйзам жол берген жана сиздин тандоолоруңузга шайкеш келген учурларда аналитика, cookie файлдары, жарнама жана социалдык медиа платформалары менен. Бул, мисалы, “custom audience” же “lookalike audience” инструменттерин камтышы мүмкүн, мында электрондук почта дареги сыяктуу маалыматтар Amnesty International уюмунун мазмунун учурдагы же потенциалдуу колдоочуларга көрсөтүү үчүн коопсуз негизде салыштырылышы мүмкүн. Биз мындай инструменттерди мыйзамдуу негиз болгон учурда жана талап кылынган жерде cookie файлдарына же маркетингге берилген макулдуктун негизинде гана колдонобуз. Биз сиздин жеке маалыматыңызды сатпайбыз жана мыйзам уруксат берген жана тиешелүү коргоо чаралары камсыз кылынган учурларды кошпогондо, балдардын маалыматын, өзгөчө категориядагы маалыматтарды же аялуу адамдар тууралуу маалыматтарды “custom audience” же” lookalike audience” багыттоо үчүн атайылап колдонбойбуз;
  • кесиптик кеңешчилер, камсыздандыруучулар, аудиторлор жана башкаруу, каржы, тобокелдик, укуктук маселелер же талаптарга шайкештик боюнча иштерди колдогон уюмдар менен; жана
  • мыйзам талап кылган учурларда, же укуктарды, коопсуздукту же корголушту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон учурда, же маалыматты ачыкка чыгарууга негиздүү түрдө каршы туруу мүмкүн болбогон учурда соттор, жөнгө салуучу органдар, укук коргоо органдары, мамлекеттик бийлик органдары же башка үчүнчү жактар менен.

Эгерде биз маалыматты аны өз алдынча көзөмөлдөөчү катары пайдаланган Amnesty International уюмунун башка уюму менен бөлүшсөк, анда ал уюм маалыматты өз алдынча пайдаланганы үчүн өзү жооптуу болот жана ага карата ошол уюмдун өзүнүн купуялуулук жөнүндө маалыматы колдонулушу мүмкүн.

Эгерде кызмат көрсөтүүчүлөр биз үчүн жеке маалыматтарды иштетишсе, биз алардан мындай маалыматтарды биздин көрсөтмөлөрүбүзгө ылайык гана пайдаланууну, аларды коопсуз сактоону жана маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды сактоону талап кылабыз. Биз маалымат бөлүшкөн айрым уюмдар, мисалы жарнама, аналитика же социалдык медиа платформалары, көрсөтүлүп жаткан кызматтын мүнөзүнө жана сиздин ошол платформалардагы жөндөөлөрүңүзгө жараша, жеке маалыматтарды өздөрүнүн максаттары үчүн өз алдынча көзөмөлдөөчү катары да пайдаланышы мүмкүн. Мындай учурларда алар сиздин маалыматыңызды өздөрүнүн купуялуулук жөнүндө маалыматтарына ылайык кантип пайдаланары үчүн өздөрү жооптуу болушат.

Маалыматтарды эл аралык өткөрүп берүү

Amnesty International — бул дүйнөлүк кыймыл. Биз жана биз кызматташкан уюмдар жеке маалыматтарды Улуу Британиянын, Европа экономикалык аймагынын же сиз жашаган өлкөнүн чегинен тышкары жайгашкан өлкөлөрдө иштете алабыз.

Биз жеке маалыматтарды эл аралык деңгээлде өткөрүп берген учурда, аларды коргоо үчүн тиешелүү чараларды көрөбүз. Эгерде Улуу Британиянын Жалпы маалыматтарды коргоо регламенти (UK GDPR) же Евробиримдиктин Жалпы маалыматтарды коргоо регламенти (EU GDPR) колдонулса, биз маалыматтарды өткөрүп берүүнүн жарактуу механизмин колдонобуз. Бул, мисалы, адекваттуулук жөнүндө регламентти же адекваттуулук жөнүндө чечимди, стандарттык келишимдик жоболорду, Улуу Британиянын маалыматтарды эл аралык өткөрүп берүү боюнча кошумча документин, маалыматтарды эл аралык өткөрүп берүү жөнүндө келишимди же маалыматтарды коргоо мыйзамдарына ылайык каралган башка мыйзамдуу кепилдикти же өзгөчө негизди камтышы мүмкүн.

Эгерде биз маалыматтарды Amnesty International кыймылынын Улуу Британиядан же Европа экономикалык аймагынан тышкары жайгашкан башка бөлүгүнө өткөрүп берсек, анда мындай маалыматтар колдонууга тийиш болгон маалыматтарды коргоо мыйзамдарына шайкеш келген стандартта иштетилишин камсыз кылуу үчүн тиешелүү механизмдерди колдонобуз.

Үчүнчү жактардын веб-сайттары жана камтылган мазмундар

Биздин веб-сайттар үчүнчү жактардын веб-сайттарына, тиркемелерине же үчүнчү жактар тарабынан камтылган мазмунга шилтемелерди камтышы мүмкүн. Буларга Amnesty International уюмдарынын бөлүмдөрү, байланышкан уюмдар же башка үчүнчү жактар тарабынан иштетилген веб-сайттар же тиркемелер кириши мүмкүн. Бул Саясат биз көзөмөлдөбөгөн кызматтарга, анын ичинде Эл аралык катчылык тарабынан башкарылбаган, ээлик кылынбаган же иштетилбеген Amnesty International кыймылынын башка веб-сайттарына карата колдонулбайт. Андай уюмдардын өздөрүнүн өзүнчө купуялуулук саясаттары болушу мүмкүн.Top of FormBottom of Form

Балдар жана жаштар

Биздин веб-сайттар, өнөктүктөр жана иш-чаралар атайын балдарга багытталган эмес, бирок биз балдар жана жаштар биздин ишке катышып, аны колдошу мүмкүн экенин тааныйбыз.

Эгерде сиз 13 жашка чыга элек болсоңуз, ата-энеңиздин же мыйзамдуу өкүлүңүздүн макулдугусуз бизге жеке маалыматыңызды бербешиңиз керек.

Эгерде сиздин жашыңыз 13 менен 18 жаштын ортосунда болсо, сиз биздин өнөктүктөргө жана иш-чараларга катыша аласыз, бирок жеке маалыматыңызды бөлүшүүдөн мурда ата-энеңизди же мыйзамдуу өкүлүңүздү кошууну сунуштайбыз. Мындай учурларда биз кошумча коргоо чараларын да колдонушубуз мүмкүн.

Эгерде биз жеке маалыматтарды пайдаланууда макулдукка таянсак, биз мындай макулдуктун жарактуу болушун камсыз кылуу үчүн негиздүү чараларды көрөбүз. Бул, зарыл болгон учурларда, ата-энеден же мыйзамдуу өкүлдөн макулдук алуу же алардын макулдугун текшерүүнү камтышы мүмкүн.

Балдардын жеке маалыматтарын иштетүүдө биз өзгөчө этият мамиле кылабыз. Атап айтканда, биз:

  • зарыл жана пропорционалдуу болгон жеке маалыматтарды гана чогултабыз жана пайдаланабыз;
  • купуялуулукка байланыштуу маалыматтарды түшүнүктүү жана жаш өзгөчөлүгүнө ылайык формада сунуштайбыз;
  • баланын эң жогорку кызыкчылыктарын эске алабыз;
  • балдар биздин өнөктүктөргө, билим берүү иш-чараларына, иш-чараларга жана коммуникацияларга катышкан учурда кошумча коргоо чараларын колдонобуз;
  • эгерде бул адилетсиз, адаштыруучу же ылайыксыз болушу мүмкүн болсо, балдардын жеке маалыматтарын профилдештирүү же маркетинг максаттары үчүн пайдаланбайбыз.

Айрым учурларда, баланын белгилүү бир иш-чараларга катышуусуна уруксат берүүдөн мурда же анын жеке маалыматтарын чогултуу же пайдалануу алдында биз ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн катышуусун талап кылышыбыз мүмкүн. Тиешелүү коргоо чараларын камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурларда, биз айрым функцияларга же мүмкүнчүлүктөргө жетүүнү чектей алабыз.

Эгерде биз тийиштүү макулдуксуз баланын жеке маалыматтарын чогултуп алгандыгыбызды билсек, анда мындай маалыматтарды мүмкүн болушунча тез арада өчүрүү боюнча чараларды көрөбүз.

Балдар, ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр каалаган убакта биз менен байланышып, суроолорду бере алышат же маалыматтарды коргоого байланыштуу өз укуктарын ишке ашыра алышат.

Коопсуздук

Биз жеке маалыматтарды коргоо үчүн тиешелүү техникалык жана уюштуруучулук чараларды колдонобуз. Бул чаралар маалыматтын коопсуздугун, тактыгын жана ага муктаж болгон адамдар үчүн гана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Аларга жеткиликтүүлүктү көзөмөлдөө, сактоо, төлөмдөрдү иштетүү, кызмат көрсөтүүчүлөр жана тутумдардын коопсуздугу боюнча көзөмөл чаралары кирет.

Ошондой эле биз төлөм кызматтарын көрсөтүүчүлөр аркылуу төлөмдөрдү иштетүүдө коопсуз системаларды колдонууга өзгөчө көңүл бурабыз. Интернет аркылуу маалымат берүү эч качан толук коопсуз боло албайт. Ошого карабастан, биз жеке маалыматтарды коргоо үчүн аракет кылабыз жана коопсуздукка байланыштуу маселе келип чыккан учурда тийиштүү түрдө чара көрөбүз.

Жеке маалыматтарды канча мөөнөткө чейин сактайбыз

Биз жеке маалыматтарды ушул Саясатта баяндалган максаттар үчүн зарыл болгон мөөнөт ичинде гана сактайбыз. Андан кийин биз аларды өчүрөбүз, анонимдештиребиз же укуктук талаптарды сактоо, отчеттуулук, архивдөө, изилдөө же талдоо максаттары үчүн зарыл болгон бөлүгүн гана калтырабыз.

Маалыматтарды сактоо мөөнөтү маалыматтын түрүнө, аны эмне үчүн чогултканыбызга, сиз биз менен байланышта болуп турасызбы же жокпу, ал маалымат кызмат көрсөтүү же сиз менен болгон мамилени башкаруу үчүн керекпи же жокпу, ошондой эле аны укуктук, финансылык, аудиттик, салыктык, жөнгө салуучу, эмгектик, коргоо жана коопсуздук, талаш-тартыш же далилдик максаттар үчүн сактоого милдеттүүбүзбү же жокпу — ушуларга жараша болот.

Мисалы, кайрымдуулукка байланыштуу маалыматтар финансылык эсепке алуу жана аудит максаттары үчүн сакталууга тийиш болушу мүмкүн. Жумушка кабыл алууга байланыштуу маалыматтар арыздарды башкаруу, суроолорго жооп берүү жана мыйзамдуу укуктарды коргоо үчүн сакталууга тийиш болушу мүмкүн. Веб-сайтка жана cookie файлдарына байланыштуу маалыматтар колдонулган технологияга жана максатка жараша кыскараак же узагыраак мөөнөткө сакталуусу мүмкүн, бул тууралуу биздин Cookie жөнүндө билдирүүдө кеңири түшүндүрүлөт.

Эгерде сиз маркетингдик же фандрайзингге байланыштуу билдирүүлөрдөн баш тартсаңыз, биз сиздин тандооңузду урматтоо үчүн чектелген көлөмдөгү бөгөт коюу/чыгаруу жөнүндө маалыматтарды сактай алабыз. Ошондой эле отчеттуулук, укуктук талаптар, аудит же далилдик максаттар үчүн зарыл болгон учурларда, петицияларга, өнөктүк иш-аракеттерине, кайрымдуулук төлөмдөрүнө, даттанууларга же укуктарды ишке ашыруу боюнча өтүнүчтөргө байланыштуу чектелген маалыматтарды да сактай алабыз.

Жумушка кабыл алуу боюнча ийгиликсиз болгон арыздар тандоо процесси аяктагандан кийин үч жыл бою сакталат, эгерде конкреттүү учурда мыйзам боюнча мындан узагыраак мөөнөт талап кылынбаса же уруксат берилбесе.

Сиздин купуялуулукка байланыштуу укуктарыңыз

Биз сиз жөнүндө сактаган жеке маалыматтар сизге тиешелүү. Сиз жашаган жерге жана биз маалыматыңызды кандайча пайдаланарыбызга жараша, сизде Улуу Британиянын Жалпы маалыматтарды коргоо регламенти (UK GDPR)  мыйзамына, Евробиримдиктин ЖМКР  (EU GDPR)  мыйзамына же колдонууга тийиш болгон башка маалыматтарды коргоо мыйзамдарына ылайык төмөндө көрсөтүлгөн укуктар болушу мүмкүн.

  • жеке маалыматыңызды кандайча пайдаланарыбыз жөнүндө маалымат алууга;
  • сиз жөнүндө биз сактаган жеке маалыматтардын көчүрмөсүн талап кылууга;
  • так эмес же толук эмес маалыматтарды оңдоону талап кылууга;
  • маалыматыңызды өчүрүүнү талап кылууга;
  • маалыматыңызды кандайча пайдаланарыбызды чектөөнү талап кылууга;
  • маалыматыңызды кандайча пайдаланарыбызга, анын ичинде биз мыйзамдуу кызыкчылыктарга таянган учурларда, каршы чыгууга;
  • түз маркетингге, анын ичинде фандрайзингге байланыштуу билдирүүлөргө жана ага байланышкан профилдештирүүгө каалаган убакта каршы чыгууга;
  • маалыматтарды көчүрүп берүү укугу колдонулган учурларда, бизге өзүңүз берген маалыматты сизге же башка уюмга өткөрүп берүүнү талап кылууга;
  • биз макулдукка таянган учурларда, макулдугуңузду каалаган убакта кайтарып алууга. Бул сиз макулдугуңузду кайтарып алганга чейин мыйзамдуу негизде жасалган аракеттерге таасирин тийгизбейт; жана
  • колдонууга тийиш болгон учурларда, автоматташтырылган чечим кабыл алууга жана профилдештирүүгө байланыштуу укуктарга ээ болууга.

Бул укуктар абсолюттук мүнөзгө ээ эмес. Айрым учурларда биз маалыматты сактоого же пайдаланууга милдеттүү болушубуз мүмкүн, мисалы мыйзамдык милдеттенмени аткаруу, укуктарды коргоо, даттанууну кароо же укуктук дооматтарды белгилөө, жүзөгө ашыруу же коргоо үчүн. Эгерде биз сиз сураган аракетти аткара албасак, мүмкүн болгон учурда анын себебин түшүндүрөбүз.

Эгерде биз сизге башкача билдирбесек жана мыйзам мындай кылууга уруксат бербесе, биз сиз үчүн укуктук кесепеттерди же ушуга окшош олуттуу кесепеттерди жараткан чечимдерди, анын ичинде профилдештирүүнү камтыган, жалаң гана автоматташтырылган иштетүүнүн негизинде кабыл албайбыз.

Жумушка кабыл алуу боюнча купуялуулук жөнүндө билдирүү

Amnesty International жумушка кабыл алуу процессинин жүрүшүндө жеке маалыматтарды жоопкерчиликтүү түрдө иштетүүгө милдеттенет.

Биз сиз арызыңызда берген маалыматтарды жумушка кабыл алуу жана тандоо процессин башкаруу үчүн пайдаланабыз. Бул сиздин ылайыктуулугуңузду баалоону, маектешүүлөрдү же баалоо жол-жоболорун уюштурууну, сиз берген маалыматтарды текшерүүнү, сиз менен байланышууну, арызыңыз боюнча чечим кабыл алууну, мыйзамдык милдеттенмелерди аткарууну жана мыйзамдуу укуктарыбызды коргоону камтышы мүмкүн.

Биз арыздарды жана ага байланыштуу процесстерди башкарууга көмөк көрсөтүү үчүн жумушка кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү пайдаланышыбыз мүмкүн. Биз сиздин жумушка кабыл алуу боюнча маалыматыңызды тиешелүү негиз болмоюнча үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбайбыз; мындай негиздерге, мисалы, сиздин макулдугуңуз, мыйзамдык талап, жумушка кабыл алуу процессин административдик жактан жүргүзүү, сунуш каттарды же маалымкаттарды текшерүү, коргоо жана коопсуздук чаралары, укуктук дооматтар же ушул саясатта баяндалган башка мыйзамдуу негиз кириши мүмкүн.

Эгерде сиз көп түрдүүлүк жана бирдей мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалыматтарды, мисалы жынысыңыз, жашыңыз, сексуалдык ориентацияңыз, диниңиз же ишенимдериңиз, багуу/кам көрүү боюнча милдеттериңиз, майыптыгыңыз, этникалык келип чыгышыңыз же келип чыккан аймагыңыз жөнүндө маалыматтарды берүүнү тандасаңыз, биз мындай маалыматтарды теңчилик, ар түрдүүлүк жана инклюзия боюнча мониторинг жүргүзүү үчүн пайдаланабыз. Мүмкүн болгон учурларда биз анонимдештирилген же жалпыланган маалыматтарды колдонобуз.

Ошондой эле, эгерде бул жумушка кабыл алуу үчүн тиешелүү болсо жана мыйзам тарабынан жол берилсе, биз өзгөчө категориядагы жеке маалыматтарды жана кылмыш-жаза укук бузууларына байланыштуу маалыматтарды иштете алабыз. Бул теңчилик боюнча мониторинг жүргүзүүнү, негиздүү ыңгайлаштырууларды камсыз кылууну, иштөөгө укукту текшерүүнү, коргоо жана коопсуздук чараларын камсыз кылууну, белгилүү бир кызмат ордуна ылайыктуулукту баалоону, мыйзамдык милдеттенмелерди аткарууну же укуктук дооматтарды кароону камтышы мүмкүн.

Сизден арызыңыздын бир бөлүгү катары декларацияны ырастоо талап кылынышы мүмкүн. Декларацияда арызыңызда берилген маалыматтар чындыкка туура келери жана толук экени, атайылап калтырып кетүү, бурмалоо же жалган көрсөтүү арызды четке кагууга же кызматтан бошотууга алып келиши мүмкүн экени, тийиштүү учурларда биз кесиптик каттоо маалыматтарына байланыштуу тактоо сурай аларыбыз жана ушул саясатта белгиленген купуялуулук шарттарына ылайык сиздин жеке маалыматыңызды иштете аларыбыз көрсөтүлүшү мүмкүн.

Биз менен кантип байланышып, же укуктарыңызды кантип ишке ашырсаңыз болот

Эгерде сиз өз укуктарыңызды ишке ашырууну кааласаңыз, ушул Саясат боюнча суроо бергиңиз келсе же кандайдыр бир тынчсызданууңузду билдиргиңиз келсе, төмөнкү байланыш каналдары аркылуу биз менен байланыша аласыз:

  • Почта аркылуу: Amnesty International Limited, International Secretariat, 1 Easton Street, London, WC1X 0DW, UK
  • Электрондук почта аркылуу: [email protected]
  • Телефон аркылуу: +44 (0) 20 7413 5500

Даттануулар

Эгерде сиз биз сиздин жеке маалыматыңызды кандайча иштетип жатканыбызга нааразы болсоңуз, жогоруда көрсөтүлгөн байланыш маалыматтары аркылуу биз менен байланышыңыз. Сураныч, даттанууңузду туура түшүнүүгө жана кароого мүмкүнчүлүк берүү үчүн жетиштүү маалымат бериңиз.

Биз даттанууну алганыбызды 30 күндүн ичинде тастыктайбыз. Ошондой эле, биз даттанууну негиздүү мөөнөттө жана себепсиз кечиктирбестен кароо үчүн тийиштүү чараларды көрөбүз, анын жүрүшү жөнүндө сизге маалымат берип турабыз жана кароонун жыйынтыгы тууралуу кабарлайбыз.

Эгерде сиз биздин жеке маалыматыңызды иштетүүбүзгө байланыштуу нааразычылык билдиргиңиз келсе, сизде ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы тиешелүү көзөмөлдөөчү органга даттанууга берүү укугуңуз бар.

Улуу Британияда мындай көзөмөлдөөчү орган болуп Маалымат маселелери боюнча комиссардын кеңсеси (Information Commissioner’s Office, ICO) саналат:

Эгерде сиздин маалыматыңызды пайдаланууга карата Евробиримиктин Жалпы маалыматтарды коргоо регламенти (EU GDPR) колдонулса, анда сиз ошондой эле өзүңүз жашаган, иштеген же укук бузуу орун алды деп эсептеген ЕБге мүчө мамлекеттеги тиешелүү көзөмөлдөөчү органга даттануу менен кайрыла аласыз.