Авторитаризм жайылып, климаттын кыйрашы күчөп, эл аралык мыйзамдуулук жоголуу коркунучуна туш болгон дүйнөгө каршы “Amnesty International” уюму, 10-декабрь — Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыл сайын өтүүчү «Каттар марафону» өнөктүгүн баштайт.
Бул өнөктүктүн алкагында жеке укуктары бузулган курмандыктарга колдоо жана адамзат бул терс көрүнүштөрдү кантип жеңе алары көрсөтүлөт.
Бул жылкы өнөктүк дүйнө жүзүндөгү адамдарды адилеттүүлүк, кадыр-барк жана биргелешкен келечек үчүн аракет көрүүдө бириктирип, адам укуктарын коргоо иштеринде жана бийликтегилерге чындыкты айткандары үчүн куугунтукталгандарды колдойт. Норвегияда өз жамаатынын жерин коргоо үчүн күрөшкөн жергиликтүү бугу багуучудан тартып, Мьянмадагы циклонду чагылдырганы үчүн камакка алынган фотожурналист жана Түштүк Африкадагы бала бакчада чуңкур дааратканага түшүп, каза болгон жаш балага чейин, быйылкы өнөктүктүн бардык катышуучулары бири-бири менен тыгыз байланышта, анткени бардыгынын адам укуктары бузулган.
“Адамзат туш болуп жаткан оор кыйынчылыктарга карабастан, Amnesty International уюму жыл сайын дүйнө жүзү боюнча көп сандагы адамдардын иш-чаралар жана тилектештиктин жашоону өзгөртүүдөгү күчүн көрсөтүү үчүн кантип биригип жатканына күбө болуп келет. Бул жылкы “Каттар марафону” өнөктүгү климаттык кыйынчылыктын алдыңкы сабында турган, өз коомчулугун кургакчылыктан, газ жарылууларынан, курулуш долбоорлорунан жана булгануудан коргоо үчүн күрөшүп жаткан жана биздин жамааттык колдообузга тезинен муктаж болгон адамдарды бириктирет”, — деп билдирет Amnesty International уюмунун башкы катчысы Аньес Калламар.
Адамзат туш болуп жаткан оор кыйынчылыктарга карабастан, Amnesty International уюму жыл сайын дүйнө жүзү боюнча көп сандагы адамдардын иш-чаралар жана тилектештиктин жашоону өзгөртүүдөгү күчүн көрсөтүү үчүн кантип биригип жатканына күбө болуп келет
Аньес Калламар, Amnesty International уюмунун башкы катчысы
“Тарыхтагы бул маанилүү учурда биз тандоо жасашыбыз керек: авторитардык практиканын эркиндиктерибизди жок кылышына жол берүүнү улантуу же бирге туруп, адам укуктары үчүн күрөшүү. Кат жазууга, социалдык медиада бөлүшүүгө же петицияга кол коюуга болгону бир нече мүнөт убакыт бөлүү менен ар бир адам дүйнөнү өзгөртүүгө жана ал тургай адам өмүрүн сактап калууга жардам бере алат. Биз эң оор шарттарда да биргелешип, адамзаттын терс көрүнүштөрдү кантип жеңе аларын, жеңиши керектигин жана жеңерин далилдей алабыз”.
Тобокелдикке кабылган адамдарды колдоо
Бул жылы «Каттар марафону» өнөктүгү дүйнөнүн булуң-бурчундагы миллиондогон адамдарды адилетсиздик менен күрөшүүгө жана укуктары бузулган адамдардын жашоосун өзгөртүү үчүн бирге аракет көрүүгө чакырат.
Бул жылкы өнөктүктө орун алгандардын катарында:
- Өз өлкөсүндөгү климаттын өзгөрүшүнөн улам жер которгон адамдардын укуктары үчүн күрөшкөн Мадагаскардык Дамисоа.
- Түштүк Африкада мектепке чейинки билим берүүчү бала бакчада чуңкур дааратканага түшүп каза болгон үч жашар Унецебо Мботени.
- Жергиликтүү дарыяларды жана улуттук паркты, тоо-кен жана энергетикалык долбоорлордон коргоо иш — аракеттери үчүн атып өлтүрүлгөн Гондурастык Хуан Лопес.
- Камбоджанын айлана-чөйрөсүн эксплуатациядан коргоо аракеттери үчүн камакка алынган «Табигат Эне Камбоджа» (Mother Nature Cambodia) уюмунун мүчөлөрү.
- Мьянмадагы циклондун кесепеттерин чагылдыргандыгы үчүн камакка алынып, оор жумуштарга кесилүү менен 20 жылга эркинен ажыратылган фотожурналист Сай Зо Тхайк.
- Норвегиядагы саами элинин үнүн жеткизүү жана алардын укуктарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн күрөшүп жаткан Эллинор Гутторм Утси.
- Соня өз өмүрүн адам укуктарын коргоого арнаган тунистик юрист. Ал маселелер боюнча ачык айтканы үчүн бир нече жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
- Эквадордук амазон токоюндагы уулуу заттардын бөлүнүп чыгышына жана айлана-чөйрөнүн бузулушуна алып келген газдын жарылуусунан өз коомчулугун коргоп жаткан «Guerreras por la Amazonía» (Amazon Warriors) кыймылынын активисттери бар.

Эллинор Гутторм Утси “Каттар марафону” өнөктүгү аркылуу алган колдоолор ага үмүт бергенин билдирет. Норвегия өкмөтүнүн бир нече жүздөгөн шамал желдеткичтери энергетикасын куруу пландарынан улам бугу багуучулардын жери жана жашоо образы учурда коркунучка дуушар болууда. Натыйжада бул бугуларды жайуу системасын бузууга алып келиши мүмкүн.
60 жаштагы Эллинор айым өз жерин жана маданиятын коргоо үчүн бул шамал энергетикасын курууну токтотууга чакырып, жалгыз өзү бул аракеттердин камын көрүүдө.
“Amnesty International уюму активизмге багытталган иштери аркылуу менин аракеттеримди колдоп жатканына өтө кубанычтамын. Мен бул ишти күн сайын аткарган адамдардын колдоосун алып жатканыма абдан сүйүнөм”, — деп билдирди Эллинор. “Бул биздин жашообуз — мен башка жашоо образын билбейм. Биз келечек муундарыбыз үчүн, жерибиз үчүн талыкпай күрөшүшүбүз керек”.
Жашоону өзгөртүү
2001-жылы “Каттар марафону” өнөктүгү башталгандан бери миллиондогон адамдар укуктары бузулган адамдардын жашоосун өзгөртө алышты. Өнөктүктө орун алган 100дөн ашык адам өз иштеринде оң натыйжаларга жетишти.
2023-жылы акыл-эс майыптыгы бар афроамерикалык Роки Майерс “Каттар марафону” өнөктүгүндө орун алган. Роки АКШнын Алабама штатында киши өлтүрүү боюнча өлүм жазасына тартылгандардын катарында отуз жыл өмүр кечирген. Ал ишиндеги карама-каршылыктар жана полициянын кысымы менен бузулган көрсөтмөлөрдөн кийин соттолуп кеткен. Жүздөгөн жана миңдеген “Amnesty” уюмунун жактоочулары Рокини бошотууга чакырып, Алабама губернаторунан ага ырайым кылууну жана өлүм жазасын жеңилдетүүнү талап кылган каттарды жазышкан. 2025-жылдын февраль айында бул өтүнүч канааттандырылган.
Өлүм жазасы коркунучу алынып салынса да, бирок Рокинин күрөшү али бүтө элек. Анткени ал өз ишиндеги мыйзам бузуулар үчүн адилеттүүлүктү издейт.
“Бул өнөктүк анын ишине көңүл бурдуруу менен бирге, Рокини адам, ата жана чоң ата катары урматтоо менен аткарылды”, — деп билдирди Роки Майерстин юридикалык тобунун мүчөсү Мириам Бэнкстон.
“Мен бул эбегейсиз колдоолор Роки үчүн абдан маанилүү экенин билем жана ушунча көп адамдардын чакырык жасаганын билүү чындап эле шыктандырат”.
Быйылкы өнөктүккө кошулуп, дүйнөнү адилеттүү жана боорукер жерге айландырууга умтулган коомчулуктун бир бөлүгү болуңуз. Бүгүн “Каттар марафону” өнөктүгүнө кошулуңуз.


