Кыргызстандын бийлиги Махабат Тажибек кызы түрмөдөн чыккандан кийин ага коюлган жалган айыптарды жокко чыгарышы керек

Кыргызстандагы соттун иликтөөчү журналист жана Temirov LIVE басылмасынын башкы редактору Махабат Тажибек кызын камактан бошотуу жана ишти кайра кароо аяктаганга чейин ага өлкөдөн чыгууга тыюу салуу тууралуу чечимине байланыштуу Amnesty International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Стразерс төмөнкүлөрдү билдирди:

«Махабат Тажибек кызынын абактан бошотулушу — адилеттикке карай кечиккен, бирок маанилүү кадам, жана ал баласы менен кайрадан жолугушууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок  буга чейин туш болгон адам укуктарынын бузулуштарын жана мүмкүн болгон кайра сот процесси учурунда да туш болушу ыктымал болгон коркунучтарды жокко чыгарбайт».

«Кыргызстандын бийлиги Махабат Тажибек кызына коюлган бардык айыптарды дароо алып салып, ага карата өлкөдөн чыгууга тыюу салууну жокко чыгарып, анын буга чейин тарткан укук бузуулары үчүн натыйжалуу укуктук коргоо чараларын камсыз кылууга тийиш».

«Махабат Тажибек кызы, ошондой эле мурда Temirov LIVE жана «Айт айт десе» медиа долбоорлорунда иштеген анын кесиптештерине карата кысым көрсөтүү өлкө боюнча иликтөөчү журналисттерге коркунучтуу сигнал жиберет. Бир дагы журналист коомдук кызыкчылыкты көздөгөн маселелерди чагылдырганы үчүн гана кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керек. Бийлик Кыргызстан алган эл аралык адам укуктары боюнча милдеттенмелерин сактап, көз карандысыз журналистика үчүн коопсуз шарт түзүп, сөз эркиндигине болгон укукту толук камсыз кылууга тийиш».

Бир дагы журналист коомдук кызыкчылыкты көздөгөн маселелерди чагылдырганы үчүн гана кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керек

Мари Стразерс, Amnesty International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору

Маалымат үчүн

23-мартта Бишкектин Ленин райондук соту Махабат Тажибек кызын эки жылдан ашык камакта отургандан кийин бошотуу тууралуу чечим чыгарып, камактагы чараны өлкөдөн чыгууга тыюу салуу менен алмаштырды. Бул чечим 10-мартта Жогорку сот анын мурдагы өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөндөн кийин кабыл алынды.

Махабат Тажибек кызы 2024-жылдын январында Temirov LIVE жана «Айт айт десе» аттуу көз карандысыз медиа долбоорлор менен байланышкан башка журналисттер жана медиа кызматкерлери менен бирге кармалган. Бул долбоорлор Кыргызстандагы мүмкүн болгон коррупцияны иликтеп келишкен. Ага жана анын кесиптеши Азамат Ишенбековго «массалык баш аламандыкка үндөө» деген жасалма айыптар коюлуп, 2024-жылдын 10-октябрында алар тиешелүүлүгүнө жараша алты жана беш жылга эркинен ажыратылган. Махабаттын жолдошу, белгилүү иликтөөчү журналист Болот Темиров, буга чейин Кыргызстандын жарандыгынан ажыратылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Азамат Ишенбеков 2025-жылдын 9-апрелинде президенттик ырайым аркылуу бошотулган.