Кытайдын Шинжаңдагы мусулмандарга кылган катаал басымы адамзатка каршы жазалган кылмыштарга тең келет

  • Жүз миңдеген мусулман азчылыктын өкүлдөрүнөн эркектер менен аялдар массалык түрдө камакка алынган жана кыйноолорго дуушар болгон.
  • Миллиондогон мусулмандар жалпы түрдө системалаштырылган  көзөмөлгө алынган.
  • Мусулман азчылыктын өкүлдөрү диний ишенимдеринен баш тартууга, маданий жөрөлгөлөрүн токтотууга жана өз тилдериндө сүйлөбөөгө мажбурланган.
  • Мурда камалгандардан элүүдөн ашык адам камоочу жайлардын же лагерлерлердин  ички шарттары  жана аларга карата жазалган мамилелер боюнча  өтө кайгылуу  жаңы көрсөтмөлөрдү берди.
  • Эл аралык Мунапыс Уюму учурда камакта деп эсептелген 60тан ашык адамдын иш материалдары менен бирге бул кармоочу лагерлерди тезинен жабууга чакырык жасайт.  

Эл аралык Мунапыс Уюму бүгүн жаңы отчетун жана өнөктүгүн баштоо менен: “Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялуу аймагында жашаган уйгурлар, казактар, жана башка басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн улуттук азчылыктын өкүлдөрү, адамзатка каршы жазалган кылмыштарга тең келген жана системалуу түрдө мамлекеттин уюштуруусу менен жалпы камакка алынып, кыйноолорго дуушар болууда жана куугунтукка кабылууда”, деп билдирет.

Эл аралык Мунапыс Уюмунун Кризиске каршы күрөшүү тобу 160 беттен турган “Согушта Душман Өңдүү Сыяктуубуз”: Кытайдын Шинжаңдагы Мусулмандарды Массалык Кармап-Камоосу, Кыйноосу жана Куугунтуктоосу’ аттуу отчетунда, Кытай бийлигинин 2017-жылдан бери аталган аймактын мусулман азчылык өкүлдөрүнүн эң башта диний ишенимдерин, маданий каада-салтын жана жергиликтүү тилдерин түп-тамырынан бери жок кылуу багытында ашкере колдонгон чараларын кеңири баяндаган мурдагы туткундардын жаңы көрсөтмөлөрүн жарыялады.

Кытай бийлиги Шинжаң аймагына дүйнөдөгү эң таатал байкоо салуу системасын орнотуп, жүздөгөн “тарбия берүү аркылуу трансформациялоо” борборлорун, же башкача айтканда кармоочу лагерлердин кеңири тармагын түзгөн. Лагерлерде кыйноолор жана башка катаал мамилер системалуу түрдө жасалып, секулярдуу, бир тектүү Кытай улутунун жана Коммунисттик партиянын идеалдарын күч менен сиңирүү аракетинде, бул жайлардагы күнүмдүк жашоонун ар бир аспекти катуу көзөмөлгө алынган.

Эл аралык Мунапыс Уюмунун Башкы катчысы Аньес Калламар “Кытай бийлиги Шинжаң-Уйгур автономиялуу аймагында болуп көрбөгөндөй масштабдагы дистопиялык көрүнүштү жаратты”, деп айтты.

Кытай бийлиги Шинжаң-Уйгур автономиялуу аймагында болуп көрбөгөндөй масштабдагы дистопиялык көрүнүштү жаратты

Аньес Калламар, Эл аралык Мунапыс уюмунун Башкы катчысы

“Уйгурлар, казактар жана башка мусулман азчылыктын өкүлдөрү динин жана маданий өзгөчөлүктөрүн жоготуп алуу коркунучуна кабылышып, адамзатка каршы жазалган кылмыштарга жана башка олуттуу адам укуктарынын бузулушуна дуушар болууда”.

“Массалык сандагы адамдардын мээси жуулуп, кыйноолорго жана башка кадыр-баркты басмырлаган мамилеге дуушар болуусу адамзаттын абийирин чочутууга тийиш. Ошол эле учурда башка миллиондогон адамдардын өмүрү болсо кеңири жайылган көзөмөл аппараттарынын курчоосунда коркунучта кептелди”.

Массалык камакка алуу

Бул отчетто 2017-жылдын башынан бери Шинжаңда басымдуу бөлүгүн мусулман азчылыктын өкүлдөрү түзгөн аялдар менен эркектер өз билемдик менен камакка алынганы документтештирилген. Булардын ичинде жүз миңдеп түрмөгө жиберилгендерге кошумча, дагы жүз миңдеген адамдар, балким миллиондор же андан көбү кармоочу лагерлерлерге жөнөтүлгөн.

Эл аралык Мунапыс Уюму менен маектешкен 50дөн ашык мурунку кармалгандардын бардыгы, толугу менен мыйзамдуу жүрүм-туруму үчүн кармалган, башкача айтканда диний-темадагы сүрөттөрдү алып жүргөнү же чет жерде жашаган бирөөлөр менен байланышканы үчүн камакка алынган. 2017-жылдын аягындагы массалык камакка алууга катышкан өкмөттүн мурунку ишчисинин Уюмга берген маегинде, полиция адамдарды үйлөрүнөн эскертүүсүз жана эч кандай тийиштүү процесстер жок эле кармап кеткен.

Guards surround a large group of detainees in an internment camp in Xinjiang, China. © Molly Crabapple
Кытайдын Шинжаң аймагындагы интернаттоо лагерлеринин биринде күзөтчүлөр кармалгандардын чоң тобун курчап турушат. © Molly Crabapple

Эл аралык Мунапыс Уюму менен маектешкен көпчүлүк курмандыктардын билдирүүсү боюнча, алар алгач полиция бөлүмдөрүндө сурак беришкен жана ал жерлерде кармоочу лагерлерге жиберүүдөн мурун, алардын биометрикалык жана медициналык маалыматтары каттоого алынган. Алар көпчүлүк учурда “жолборс отургучу” деп аталган буттары да темирден жана денени ооруткан абалда кармай турган кишендер орнотулган темир отургучта сурак беришкенин айтышты. Полиция бөлүмдөрүндө уруп-сабоо, уйкусуздук жана адамдардын тыгыны көп болуп, кармалгандар сурак учурунда жана башка жерге которууда, алардын баштарына кара баштык кийгизилип, кишендерди колдонушкандыгын билдиришти.

Камакка алынгандар түрмөгө окшогон атайын лагерлердин босогосун аттаган учурдан тартып, алардын жашоосу чектен ашкан катуу көзөмөлгө алынган. Алардын жеке жашоосу жана өз алдынчалыгы жоголгон. Аларга катуу жазалар берилген, кээ бир учурда анча-мынча баш ийбегендери үчүн камералаштары менен бирге жалпы жазаландырылган. Камактагылардын өз ара сүйлөшүүсү тыюу салынган, ошондой эле түрмөнүн кайтаруучуларына же башка расмий өкүлдөргө мандаринче эмес өз тилинде жооп берген учурда, аларга өтө катуу жазалар берилген. Камактагы ар биринин күнүмдүк режими алдын-ала дайындалып, ошондой эле алардын жүрүм-туруму ар дайым катуу көзөмөлгө алынып, бааланып турган.

WhatsApp тиркемесин уюлдук телефонуна жүктөгөнү үчүн кармалган бир аялдын айтымында: “Күн сайын таңкы беште туруп, чыкыйта керебетинди кемтиксиз түздөшүн керек. Андан соң желек көтөрүү жана ант берүү аземине катышасын. Анан эртең мененки тамакка кантинге барасың. Тамактангандан кийин класска жөнөйсүң. Кайра түшкү тамакка барасың, андан соң класска кайтуу. Анан кечки тамак, кайра класс. Соңунда уктаганы кетесиң. Ар бир түнү экиден киши башка камералаштарына байкоо салуу үчүн эки сааттан “нөөмөттө” болушу керек. Өзүң үчүн бир мүнөт да убакыт жок. Мындан улам өтө чарчап каласың”.

Камактагы алгачкы жумаларда же айларда, кармалгандар адатта ойгонгондон кийин камераларынын ичинде түптүз же тизелеп, тыптынч абалда эч кыймылдабай олтурууга мажбур болгондорун билдришти. Мындан кийин алар барына милдеттүү түрдө бекитилген сабактарды алышкан. Аларга исламды тануу, өз тилин жана башка маданий жөрөлгөлөрүн колдонуудан баш тартуу буйрулуп, мандарин кытай тилин үйрөнүү жана Кытай Коммунистик Партиясын пропагандалоо таңууланган. Куралдуу кайтаруучулардын коштоосунда кантинге, класстарга, же сурак берүүлөргө баруудан башка, камактагылардын эч качан өз алдынча камераларынан чыгууга, күн нурун алууга же тышта көнүгүүлөрдү жасоого уруксааты болгон эмес.

Системалуу түрдө кыйноого алуу

Эл аралык Мунапыс Уюму менен маектешкен мурдагы кармалгандардын ар бири кыйноого жана башка катаал мамилерге кабылып, жапа чеккендерин айтышты.

Буга камактагылардын күнүмдүк дегуманизациянын кумулятивдик психологиялык таасири, уруп-сабоо, электрошок, бир кишилик камерада кармоо, тамак-аштан, суудан жана уйкудан ажыратуу, катуу суукка калтыруу жана чектөөлөрдү кыянаттык менен пайдалануу, анын ичинде жан кыйноочу жолборс же темир отургучтар да кирет. Айрымдардын айтымында алар 24 саатка же андан көп убакытка бул темир олтургучтарда байлануу бойдон калган.

A detainee is beaten by internment camp guards while immobilized in a tiger chair.
© Molly Crabapple
Кармоо лагеринин күзөтчүлөрү «жолборс отургучуна» кыймылсыз байланган кармалган адамды сабап жатышат. © Molly Crabapple

Камералашын коргогону үчүн жазаланган улгайган аялдын билдирүүсү боюнча, аны кичинекей, караңгы, суук жана терезеси жок бөлмөгө алып барып, колу-бутун кишендеп, үч күн боюу бул темир үстөлгө отургузуп коюшкан.

Мурун кармалган эки адамга оор кишендер салынганын, бирөөсү бир жыл бою кишенде калганын билдирген. Калгандары электр таякчалары менен ток жегендерин жана ачуу спрейлерди аларга чачкандарын айтып өтүштү.

Камакта калгандарын айрымдары бир канча жолу кыйноого кабылганын билдирсе, айрымдары камералаштарынын кыйноого кабылуусун карап турууга мажбур болушканын айткан. Эл аралык Мунапыс Уюму кыйноого кабылуунун натыйжасында көз жумду деп белгиленген бир окуя тууралуу маалымдар болду. Камактагылардын бири, камералаштарынын көз алдында 72 саат боюу жолборс же темир үстөлгө кыймылсыз кишенделип, ошол жерде заара ушатып, заң чыгарууга аргасыз калган жана камералаштарынын айтымында ушул кыйноодон каза тапкан.

Көзөмөлдөө абалы

Шинжаңдагы мусулмандар лагерлердин ичинде да, тышында да дүйнө жүзү боюнча эң катуу көзөмөлгө алынган эл болуп саналат.

Бардык мурдагы камактагылар лагерден бошотулгандан кийин бир канча айга чейин ар дайым электрондук жана жеке көзөмөл астында болушат. Буга кошумча “коноктор” же мамлекеттин чабармандары, байкоо салуу максатында алар менен бирге үйлөрүндө калып, “шектүү” жүрүм-турумдары боюнча маалымат берип турушат. Буга жөнөкөй диний жөрөлгөлөр, уруксааты жок VPN же WhatsApp сыяктуу тиркемелерди колдонуулар, же “адаттан тыш” өлчөмдө күйүүчү май сатып алуу же электр энергиясын коротуулар кирет.

Бошотулган адамдардын ээн-эркин басып туруусуна да эвфемистикалык түрдө “ыңгайлуу полиция бекеттери” деп аталган көчөлөрдү күзөтүп, миңдеген көзөмөл-өткөрмө пункттарын иштетип жаткан ченемсиз коопсуздук күчтөрү аркылуу катуу чектөөлөр коюлган.

A security checkpoint outside of a train station in Urumqi, Xinjiang. Han Chinese people and members of predominantly Muslim ethnic groups go through separate checkpoints. Muslims are subjected to much more severe security checks. © Molly Crabapple
Үрүмчү шаарындагы (Шинжаң) темир жол бекетинин сыртындагы коопсуздук текшерүү бекети. Хань улутундагы кытайлар жана негизинен мусулман этностук топтордун өкүлдөрү өз-өзүнчө текшерүү бекеттеринен өтүшөт. Мусулмандар кыйла катаал коопсуздук текшерүүлөрүнө дуушар болушат. © Molly Crabapple

Диний куугунтуктоо

Шинжаңда мусулмандар өз диндерин кармана алышпайт. Ондогон мусулман эркектер менен аялдар Эл аралык Мунапыс уюмуна Кытайдагы аймактык бийликтер алардын ислам динине өтө эле душман болуп жатышканын айтышты. Негизги диний жана маданий үрп-адаттар “экстремисттик” деп табылып, аларды кармоо үчүн негиз болгон.

Натыйжада, көптөгөн адамдар намаз кылууну токтотуп, же исламды карманууну көрсөткөн диний жөрөлгөлөрдү жасабай калганын билдиришти. Буга кийим-кечесинен тартып, өзүн алып жүрүүсүнө чейин, ал тургай сүйлөө адеби дагы кирет. “Биз эми керек болсо ‘ас-саламу алейкум’ деп айта албайбыз [көптөгөн ислам маданиятында кадимки саламдашуу жана “сизге тычтык болсун” дегенди билдирет]”, дейт Эл аралык Мунапыс Уюмуна берген маегинде бир адам. Куран китептерине, жай намаздарга жана диний буюм тайымдарга иш жүзүндө толук тыюу салынган.

Кытай өкмөтүнүн мурунку кызматкерлери, алар кантип адамдардын үйүнө күч менен киришип, алардын диний буюмдарын конфискациялап алгандарын Эл аралык Мунапыс Уюмуна айтып беришти. “Биз аларга мечиттердин сүрөтүн алып, ордуна кытай желектерин коюуну тапшырдык”, деп айткан алардын бирөөсү Уюмга берген маегинде. Эл аралык Мунапыс Уюму менен маектешкендер муну менен катар Шинжаң боюнча мечиттер, ыйык жайлар, көрүстөндөр, жана башка диний жана маданий жайлар системалуу түрдө жок кылынганын же башка максатта колдонууга ылайыкташтырылганын билдиришти.

Chinese government officials removing religious and cultural artefacts from a home. © Molly Crabapple
Кытай өкмөтүнүн кызматкерлери үйдөн диний жана маданий буюмдарды алып чыгып жатышат. © Molly Crabapple

Массалык түрдө жаап-жашыруу

Кытай өкмөтү Шинжаңдагы адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдарды бузууларын жаап-жашыруу үчүн эбегейсиз аракеттерди көрүп келет. Бийликтигилер бул боюнча айткандардын бардыгын коркутуп-үркүтүп, аларга туура эмес мамилелерди кылышат.

Азыркы күндө жүз миңдеген туткундардын тагдыры белгисиз бойдон калууда. Көпчүлүгү атайын лагерлерде кармалып турушу ыктымал. Башкалары болсо узак мөөнөткө түрмөлөргө кесилген. Ал эми Кытайдын мамлекеттик статистикасы боюнча, түрмөдө жаза алгандардын санында олуттуу өсүш катталган жана спутниктен алынган сүрөттөрдө 2017-жылдан баштап, Шинжаң аймагында маанилүү өлчөмдө жаңы түрмөлөрдүн курулуш иштери жүрүп жатканы байкалат. Ал эми кээ бирөөлөрү мажбурлап же кыйнап иштетүүчү жерлерге өткөрүлүп берилген.

Аньес Калламар: “Кытай тез аранын ичинде кармоочу лагерлерди жабышы керек, ал жерлерде жана түрмөлөрдө өз билемдик менен мыйзамсыз кармалгандарды бошотуусу зарыл. Ошондой эле, Шинжаңдагы мусулмандарга карата системалуу түрдө кол салууну токтотуусу абзел ”, деп билдирди. “Бул жийиркеничти кайталангыс кылып токтотуу үчүн эл аралык коомчулук бирге иш алып барып, кырдаалды ачык-айкын айтуусу зарыл. Бириккен Улуттар Уюму, адамзатка каршы кылмыштарга жооптуу деп шектелгендерди эл аралык укуктардын астында жоопко тартуу үчүн көз карандысыз тергөө механизмин түзүп, текшерүүчүлөрдү аймакка тезинен жөнөтүшү керек”.