1. Жалпы жоболор
Ушул Шарттар биздин веб-сайтыбызды, ошондой эле ушул Шарттарга шилтеме берилген ага байланыштуу баракчаларды, формаларды, өнөктүктөрдү, петицияларды, кайрымдуулук баракчаларын, каттоо баракчаларын жана биз тарабынан сунушталган башка онлайн кызматтарды (мындан ары чогуу– “Сайт”) пайдалануу тартибин жөнгө салат.
Эгерде тиешелүү веб-сайтта же кызматта ушул Шарттарды пайдалануу атайын өзүнчө көрсөтүлбөсө, алар Amnesty International уюмунун башка түзүмдөрү же үчүнчү жактар тарабынан башкарылган веб-сайттарга жана кызматтарга жайылтылбайт. Мындай уюмдардын же жактардын өз алдынча колдонуу шарттары болушу мүмкүн.
Сайтты пайдалануу менен сиз ушул Шарттарга макулдуңузду билдиресиз. Эгерде бул Шарттарга макул болбосоңуз, Сайтты пайдаланбооңузду өтүнөбүз.
Биз ушул Шарттарды мезгил-мезгили менен өзгөртүп же жаңыртып турууга укуктуубуз. Бул тууралуу төмөндө каралган 15-бөлүмдөгү жободон тааныша аласыз.
2. Биз жөнүндө
Бул Сайт Англия жана Уэльс мыйзамдарына ылайык катталган Amnesty International Limited компаниясы (каттоо номери: 01606776) тарабынан башкарылат. Компаниянын катталган дареги:
1 Easton Street, London WC1X 0DW, United Kingdom.
Ушул Шарттарда колдонулган “Amnesty International”, “биз”, “бизге” же “биздин” деген түшүнүктөр Amnesty International Limited компаниясын билдирет.
3. Сайтты пайдалануу
Сиз биздин Сайтты мыйзамдуу жана жоопкерчиликтүү негизде пайдаланууга макул болосуз. Бул, атап айтканда, төмөнкү аракеттерге жол бербөөнү билдирет:
- Сайттын иштешине же коопсуздугуна тоскоолдук кылуу;
- уруксатсыз бөлүктөргө же системаларга кирүүгө аракет кылуу;
- вирустарды, зыяндуу коддорду же башка зыян келтирүүчү материалдарды киргизүү;
- Сайтты биздин ишмердүүлүккө, колдонуучуларга же кадыр-баркыбызга зыян келтириши мүмкүн болгон ыкмада пайдалануу;
- башка жеке жактын же уюмдун атынан чыгуу, же Amnesty International менен болгон байланышыңыз тууралуу жалган же адаштыруучу маалымат берүү;
- Amnesty International уюмунун аталыштарын, логотиптерин, товардык белгилерин же мазмунун адаштыруучу түрдө колдонуу же уруксатсыз колдоо көрсөтүлүп жатат деген таасир калтыруу;
- эгерде мындай пайдаланууга биз тараптан уруксат берилбесе же мыйзам менен жол берилбесе, автоматташтырылган куралдарды, скрейпингди, маалыматтарды казып алуу технологияларын (data-mining) же ушул сыяктуу технологияларды колдонуу аркылуу Сайттагы контентке же маалыматтарга жетүү, аларды көчүрүп алуу, көзөмөлдөө же бөлүп алуу;
- Сайттагы жеке маалыматтарды же байланыш маалыматтарын чогултуу, топтоо же мыйзамсыз/максатсыз пайдалануу;
- петицияларды, өнөктүккө байланыштуу аракеттерди, формаларды, каттоолорду, кайрымдуулук төлөмдөрүн же Сайттын башка функцияларын бурмалоо, анын ичинде жалган, автоматташтырылган, кайталап жөнөтүлгөн же адаштыруучу маалыматтарды берүү жолу менен;
- коопсуздук чараларын, жеткиликтүүлүккө коюлган чектөөлөрдү, суроо-талаптардын чектерин (rate limits) же башка коргоо механизмдерин айланып өтүүгө аракет кылуу.
Эгерде ушул Шарттар бузулган деп негиздүү түрдө эсептесек же Сайтты, колдонуучуларды, биздин системаларды же ишмердүүлүгүбүздү коргоо үчүн зарыл болсо, биз Сайтка жеткиликтүүлүктү бөгөттөөгө, убактылуу токтотууга, чектөөгө, суроо-талаптардын ылдамдыгын чектөөгө же кошумча текшерүү чараларын колдонууга укуктуубуз. Сиз мындай чараларды айланып өтүүгө аракет кылбоого тийишсиз.
Эгерде ушул Шарттарды бузууңуздун же Сайтты туура эмес пайдаланууңуздун натыйжасында биз түздөн-түз жана негиздүү түрдө алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон чыгымдарга дуушар болсок, мындай чыгымдар үчүн жоопкерчилик сизге жүктөлөт.
- Балдар жана жаштар
Биздин Сайт түздөн-түз балдарга багытталган эмес. Ошентсе да, биз балдар жана жаштар адам укуктары маселелерине терең кызыкдар болушу жана биздин ишмердүүлүккө катышууну каалашы мүмкүн экенин түшүнөбүз.
Эгерде сиз 13 жашка чыга элек болсоңуз, ата-энеңиздин же мыйзамдуу өкүлүңүздүн макулдугусуз бизге жеке маалыматыңызды бербөөңүздү өтүнөбүз.
Эгерде сиз 13 жаштан 18 жашка чейинки куракта болсоңуз, жеке маалыматыңызды бөлүшүүдөн, кайрымдуулук кылуудан, каттоодон өтүүдөн же иш-чараларга катышуудан мурда ата-энеңиз же мыйзамдуу өкүлүңүз менен кеңешүүнү сунуштайбыз.
Тийиштүү учурларда биз кошумча коргоо чараларын колдонушубуз же айрым функцияларга жеткиликтүүлүктү чектешибиз мүмкүн.
5. Сайттын мазмуну.
Биздин сайт төмөнкү максаттар үчүн түзүлгөн:
• адам укуктарына байланышкан маселелер жана Amnesty International уюмунун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүү;
• жарандардын өнөктүктөргө, акцияларга жана башка демилгелерге катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү.
Сайтыбыздагы бардык материалдар маалыматтык жана коомдук катышууну камсыз кылуу максатында гана сунушталат. Биз маалыматтын тактыгын жана актуалдуулугун камсыз кылууга аракет кылганыбыз менен, анын ар дайым толук, туура, учурдагы шарттарга ылайык же сиздин жеке жагдайыңыз үчүн ылайыктуу болушуна кепилдик бербейбиз.
Ошондой эле кандайдыр бир өнөктүк, петиция же демилге белгилүү бир жыйынтыкка жетишине кепилдик берилбейт.
Сайтта жайгаштырылган контент кесиптик кеңештин ордун басуучу маалымат катары каралбоого тийиш.
- Колдонуучу тарабынан сунушталган контент
Сайттын айрым бөлүктөрү сизге контентти жөнөтүүгө же бөлүшүүгө мүмкүндүк бериши мүмкүн (мисалы, комментарийлер, өнөктүккө байланыштуу аракеттер, петицияга кошулган билдирүүлөр, сүрөттөр, окуялар, каттоо маалыматтары же башка салымдар).
Мындай контентти жөнөткөндө же бөлүшкөндө, сиз төмөнкүлөрдү ырастайсыз:
- контент сизге таандык экенин же аны пайдаланууга тиешелүү уруксатыңыз бар экенин;
- контент мыйзамсыз, зыян келтирүүчү, кордоочу, жалаа жабуучу же адаштыруучу мүнөздө эмес экенин;
- контент башка жактардын укуктарын бузбай турганын;
- эгерде мыйзамдуу негиз жана тиешелүү адамдын макулдугу болбосо, контентте башка адамдын жеке маалыматы камтылбаганын;
- контент сизди же башка адамдарды коопсуздукка, коргоого, укуктук абалга же башка олуттуу тобокелдиктерге дуушар кылбай турганын.
Сиз бөлүшкөн же жөнөткөн контент үчүн жоопкерчилик өзүңүзгө жүктөлөт. Эгерде биз коопсуз жана ылайыктуу канал аркылуу мындай маалыматты атайын сурабаган болсок, купуя маалыматты же сизди же башка адамдарды тобокелдикке дуушар кылышы мүмкүн болгон маалыматты жөнөтпөөңүздү өтүнөбүз.
Эгерде контент ушул Шарттарды бузса же башка негиздер боюнча ылайыксыз деп табылса, биз мындай контентти алып салууга же ага жеткиликтүүлүктү чектөөгө укуктуубуз.
Сиз жөнөткөн контентке карата Amnesty International уюмуна өнөктүк жүргүзүү, жактоочулук, изилдөө, отчеттуулук, билим берүү, кайрымдуулук каражаттарын тартуу, илгерилетүү, модерация, коопсуздук, укуктук камсыздоо, эсепке алуу, операциялык жана техникалык максаттар үчүн негиздүү зарыл болгон көлөмдө аны жайгаштыруу, пайдалануу, көчүрүү, сактоо, жарыялоо, түзөтүү, которуу, модерациялоо, архивдөө жана бөлүшүү боюнча эксклюзивдүү эмес, дүйнө жүзү боюнча колдонулуучу жана сый акы төлөнбөстөн берилүүчү уруксат бересиз. Контентти жөнөткөн учурдагы коопсуздук жагдайларын, контекстти, ошондой эле сиз тарабынан берилген тандоолорду же уруксаттарды эске алабыз.
7. Интеллектуалдык менчик
Эгерде башкасы түздөн-түз көрсөтүлбөсө, Сайттагы контентке карата интеллектуалдык менчик укуктары Amnesty International уюмуна, биздин лицензияларга же башка укук ээлерине таандык болуп саналат.
Amnesty International уюмунун аталыштарына, логотиптерине жана товардык белгилерине карата бардык укуктар корголот. Сиз аларды биздин алдын ала уруксатыбыз жок пайдаланбоого тийишсиз.
Сиз Сайтты көрүп чыгууга, ошондой эле андагы материалдардын негиздүү көлөмдөгү үзүндүлөрүн жеке жана коммерциялык эмес максаттар үчүн жүктөп алууга же басып чыгарууга укуктуусуз, мында автордук укук, товардык белги, таандыкты көрсөтүү (attribution) жана башка укуктар жөнүндө бардык эскертүүлөр сакталууга милдеттүү жана контент адаштыруучу же зыян келтирүүчү ыкмада пайдаланылбоого тийиш.
Эгерде бул биздин уруксатыбыз менен ыйгарым укук берилбесе же колдонууга жарактуу лицензия менен жол берилбесе, сиз төмөнкү аракеттерди жасабоого тийишсиз:
- Сайттагы контентти скрейпинг ыкмасы менен чогултуу;
- маалыматтарды автоматташтырылган түрдө казып алуу же талдоо (data-mining);
- контентти жасалма интеллект системаларын окутуу үчүн пайдалануу;
- контентти коммерциялык максатта пайдалануу;
- укуктар жөнүндө эскертүүлөрдү алып салуу же жашыруу;
- контентти Amnesty International уюму сизди, сиздин уюмуңузду, өнүмдөрүңүздү, кызматтарыңызды, көз караштарыңызды же ишмердүүлүгүңүздү колдойт деген таасир калтырган ыкмада пайдалануу.
8. Уруксаттар жана “Creative Commons” лицензиясынын негизиндеги контент
Amnesty International уюмуна таандык айрым контенттер “Creative Commons 4.0” лицензияларынын же башка уруксаттардын негизинде жеткиликтүү болушу мүмкүн, бирок мындай мүмкүнчүлүк биздин уруксаттар баракчабызда же тиешелүү контенттин өзүндө түздөн-түз көрсөтүлгөн учурларда гана колдонулат.
Эгерде сиз мындай контентти пайдалансаңыз, тиешелүү лицензиянын же уруксаттын шарттарын сактоого милдеттүүсүз. Бул, атап айтканда, тийиштүү түрдө авторлукту/кимге таандыктыкты көрсөтүүнү, контентти өзгөртүүгө же коммерциялык максатта пайдаланууга коюлган чектөөлөрдү сактоону, ошондой эле колдонулбаган же өзүнчө чыгарылып салынган бөлүктөргө байланыштуу талаптарды урматтоону камтышы мүмкүн.
“Creative Commons” алкагындагы уруксаттар төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
- Amnesty International уюмунун аталыштарына, логотиптерине же товардык белгилерине;
- үчүнчү жактарга таандык контентке;
- башка адамга же уюмга таандык деп көрсөтүлгөн контентке;
- жеке маалыматтарга;
- программалык камсыздоого же кодго;
- колдонуу чөйрөсүнөн чыгарылганы түздөн-түз көрсөтүлгөн контентке;
- ошондой эле Amnesty International уюмунун позициясы же колдоосу бар деген жаңылыш түшүнүк жарата турган ар кандай пайдаланууга.
Эгерде сиз биздин Сайттагы маалыматтарды пайдалансаңыз, Amnesty International уюмунун мындан аркы изилдөө жана өнөктүк жүргүзүү ишмердүүлүгүн колдоо максатында кайрымдуулук жардамын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүшүңүз мүмкүн.
9. Шилтемелер жана үчүнчү жактардын кызматтары
Биздин Сайтта үчүнчү жактарга таандык веб-сайттарга, социалдык тармак платформаларына, видео платформаларга, иш-чара платформаларына, төлөм кызматын көрсөтүүчүлөргө, петиция инструменттерине же башка кызматтарга шилтемелер же алар менен интеграцияланган мүмкүнчүлүктөр камтылышы мүмкүн.
Мындай шилтемелер жана кызматтар колдонуунун ыңгайлуулугун камсыз кылуу жана катышууну кеңейтүү максатында гана берилет. Биз мындай үчүнчү жактардын кызматтарын көзөмөлдөбөйбүз жана алардын контенти, жеткиликтүүлүгү, коопсуздугу, көрсөтүлүүчү кызматтары же жеке маалыматтарды кантип пайдаланары үчүн жоопкерчилик тартпайбыз. Мындай кызматтарга карата алардын өзүнүн пайдалануу шарттары жана купуялуулук саясаттары колдонулат.
10. Купуялуулук жана маалыматтарды коргоо
Сиз биздин Сайтты пайдаланган учурда, биз жеке маалыматтарды Купуялуулук саясатыбызга жана “Cookie билдирүүбүзгө” ылайык чогултушубуз жана иштетишибиз мүмкүн.
Мындай маалыматтарга, атап айтканда, төмөнкү техникалык маалыматтар кириши мүмкүн:
- IP-даректер;
- түзмөк жана браузер жөнүндө маалыматтар;
- операциялык система жөнүндө маалыматтар;
- кирген баракчалар;
- басылган шилтемелер;
- кирилген күндөр жана убакыттар;
- “cookie” идентификаторлору;
- ошондой эле ушул сыяктуу башка онлайн идентификаторлор.
Мындан тышкары, мындай маалыматтар үчүнчү жак болгон биздин төлөм кызматын көрсөтүүчүлөр тарабынан алардын өз шарттарына ылайык чогултулушу мүмкүн.
11. Кайрымдуулуктар, төлөмдөр жана каттоолор
Сайттын айрым бөлүктөрү сизге кайрымдуулук иретинде каражат которууга же башка төлөмдөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле иш-чараларга, активдүүлүктөргө же кызматтарга катталууга мүмкүндүк бериши мүмкүн. Мындай учурларда тиешелүү учурда берилген көрсөтмөлөрдү сактооңузду өтүнөбүз.
Төлөмдөр үчүнчү жак болгон төлөм кызматын көрсөтүүчүлөр, банктар же платформалар аркылуу иштетилиши мүмкүн. Мындай учурда алардын өзүнүн пайдалануу шарттары жана купуялуулукка байланыштуу жоболору да колдонулушу мүмкүн. Биз сиздин төлөм картаңыздын толук реквизиттерин сактабайбыз.
Эгерде жаңылыштык, алдамчылыкка шек саноо, туура эмес пайдалануу, мыйзамдык чектөө, коопсуздукка байланыштуу кооптонуу, талаптарга ылайык келбөө же ушул Шарттардын бузулушу орун алган деп негиздүү эсептесек, биз кайрымдуулук төлөмдөрүн, башка төлөмдөрдү, каттоолорду же аракеттерди кабыл алуудан баш тартууга, жокко чыгарууга, кайтарып берүүгө же убактылуу кармап турууга укуктуубуз.
12. Мониторинг жана коопсуздук
Сайтты, колдонуучуларды, биздин системаларды жана ишмердүүлүгүбүздү коргоо максатында биз Сайтты пайдаланууну жана ага байланыштуу техникалык маалыматтарды көзөмөлдөшүбүз мүмкүн. Мындай маалыматтарга, атап айтканда, төмөнкүлөр кирет:
- IP-даректер, түзмөк жана браузер тууралуу маалыматтар, операциялык система жана ушул сыяктуу башка техникалык маалыматтар;
- кирилген баракчалар, басылган шилтемелер, кирген күндөр жана убакыттар, “cookie” идентификаторлору жана ушул сыяктуу онлайн идентификаторлор.
Биз мындай маалыматтарды зарыл жана өлчөмдүү болгон учурда төмөнкү максаттарда пайдаланышыбыз мүмкүн:
- Сайттын, биздин системалардын, колдонуучулардын жана маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн;
- туура эмес пайдаланууну, алдамчылыкты, кибер инциденттерди, уруксатсыз жетүүнү же шектүү аракеттерди алдын алуу же аларга чара көрүү үчүн;
- эгерде бул Сайтты, колдонуучуларды, биздин системаларды же ишмердүүлүгүбүздү коргоо үчүн зарыл болсо, жеткиликтүүлүктү бөгөттөө, убактылуу токтотуу, чектөө, суроо-талаптардын ылдамдыгын чектөө же кошумча текшерүү чараларын колдонуу үчүн.
Биз мунун баарын колдонууга жарактуу маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырабыз. Жеке маалыматтарды иштетүүнүн укуктук негиздери, мындай маалыматтар кимдер менен бөлүшүлүшү мүмкүн экени, анын ичинде тийиштүү учурларда кызмат көрсөтүүчүлөр жана компетенттүү мамлекеттик органдар жөнүндө маалымат, ошондой эле веб-сайт жана cookie маалыматтары канча мөөнөткө чейин сакталары Купуялуулук саясатыбызда жана “Cookie билдирүүбүздө” түшүндүрүлөт.
Биз Сайттагы бардык аракеттерди толук көлөмдө көзөмөлдөйбүз деп кепилдик бербейбиз жана Сайт туура эмес пайдалануу фактыларынан толугу менен эркин болот деп да кепилдик бере албайбыз.
13. Сайттын жеткиликтүүлүгү
Биз Сайттын жеткиликтүү, колдонууга ыңгайлуу жана талаптагыдай иштеп турушун камсыз кылууга умтулабыз, бирок анын ар дайым жеткиликтүү болоруна, үзгүлтүксүз иштээрине же катасыз болоруна кепилдик бербейбиз.
Биз төмөнкү аракеттерди жасоого укуктуубуз:
- контентти жаңыртуу, өзгөртүү же алып салуу;
- Сайтты же анын айрым бөлүктөрүн убактылуу токтотуу же жеткиликтүүлүгүн алып салуу;
- зарыл болгон учурда алдын ала эскертүүсүз техникалык тейлөө иштерин жүргүзүү.
14. Жоопкерчилик
Ушул Шарттардагы эч бир жобо мыйзамга ылайык чектөөгө же алып салууга жол берилбеген жоопкерчиликти четтетүүгө же чектөөгө багытталган деп түшүнүлбөөгө тийиш. Мындай жоопкерчиликке, атап айтканда, шалаакылыктын натыйжасында келтирилген өлүмгө же ден соолукка зыянга байланыштуу жоопкерчилик, алдамчылык же алдамчылык жолу менен бурмалап көрсөтүү үчүн жоопкерчилик, ошондой эле мыйзам боюнча четтетүүгө же чектөөгө мүмкүн болбогон башка жоопкерчиликтер кирет.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен:
- Сайт жана андагы контент “болгон абалында” (“as is”) жана “жеткиликтүү болгон көлөмдө” (“as available”) сунушталат, жана биз Сайт ар дайым жеткиликтүү, коопсуз, катасыз, вируссуз же башка зыяндуу материалдардан эркин болот деп кепилдик бербейбиз;
- эгерде жоготуу же зыян негиздүү түрдө алдын ала болжолдоого мүмкүн болбосо же ал биздин негиздүү көзөмөлүбүздөн тышкаркы жагдайлардан улам келип чыкса, биз мындай жоготуу же зыян үчүн жоопкерчилик тартпайбыз;
- биз көзөмөлдөбөгөн үчүнчү жактардын веб-сайттары, платформалары, төлөм кызматын көрсөтүүчүлөрү, колдонуучулардын контенти, техникалык тармактары же кызматтары үчүн жоопкерчилик тартпайбыз;
- эгерде жоготуу же зыян сиздин ушул Шарттарды бузууңуздун, Сайтты туура эмес пайдаланууңуздун же негиздүү коопсуздук чараларын көрбөгөнүңүздүн натыйжасында келип чыкса, биз мындай жоготуу же зыян үчүн жоопкерчилик тартпайбыз;
- мыйзам боюнча жоопкерчиликти чектөөгө же алып салууга жол берилбеген учурларды кошпогондо, биз маалыматтардын жоголушу, кирешенин жоголушу же кадыр-баркка шек келтирүү сыяктуу кыйыр же андан келип чыккан чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайбыз.
Бул жобо Сайт жалпы маалымат берүү жана катышууну камсыз кылуу максатында акысыз негизде сунушталарын эске алуу менен белгиленет.
15. Ушул Шарттарга өзгөртүүлөрдү киргизүү
Биз ушул Шарттарды мезгил-мезгили менен жаңыртып турууга укуктуубуз. Ар дайым колдонуудагы акыркы редакция Сайтта жеткиликтүү болот. Өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Сайтты пайдаланууну улантуу менен сиз жаңыртылган Шарттарды кабыл алган болуп эсептелесиз.
6. Байланыш жана даттануулар
Эгерде сизде ушул Шарттар боюнча суроолор болсо же укуктардын бузулушуна шек саноо, зыян келтирүүчү же мыйзамсыз контент, Amnesty International уюмунун брендин туура эмес пайдалануу, коопсуздукка байланыштуу маселе же Сайт боюнча башка тынчсыздануу же даттануу тууралуу билдирүү кааласаңыз, төмөнкү байланыш маалыматтары аркылуу Amnesty International Limited, International Secretariat менен байланыша аласыз:
Дареги: 1 Easton Street, London, WC1X 0DW, United Kingdom
Электрондук почтасы: [email protected]
Телефону: +44 (0) 20 7413 5500
Сураныч, биз маселенин маңызын түшүнүп, тиешелүү контентти же аракетти аныктай алышыбыз үчүн жетиштүү маалымат бериңиз.
17. Колдонулуучу укук жана юрисдикция
Ушул Шарттар Англиянын жана Уэльстин мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана чечмеленет. Англиянын жана Уэльстин соттору ушул Шарттарга байланыштуу талаш-тартыштарды кароо боюнча юрисдикцияга ээ болот.
Ошол эле учурда, эгерде сизге карата колдонулууга тийиш болгон милдеттүү жергиликтүү мыйзамдар ишти башка юрисдикцияда козгоого же коргоого укук берсе, же четтетүүгө болбой турган милдеттүү керектөөчүлүк укуктук кепилдиктерди караса, мындай укуктар сакталат.

