Онлайн-ресурстар

Бул курста сиз адам укуктарын коргоо боюнча аракеттенүүгө керектүү билимди жана көндүмдөрдү өздөштүрөсүз. Курстун узактыгы<strong>:</strong> 1 саат 30 мүнөт. Курсту аяктагандан кийин сертификат алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Курсту баштооСабак пландары
Мындан болжол менен жыйырма жыл мурун Польшада активисттердин чакан тобу 24 сааттык кат жазуу марафонун уюштурган. Кийинчерээк бул демилге башка өлкөлөрдө да жайылып кеткен. Бүгүнкү күндө «Кат жазуу марафону» дүйнөдөгү адам укуктарын коргоо боюнча эң ири жыл сайын өткөрүлүүчү акция болуп саналат. Төмөндө кыргыз тилиндеги сабак пландарынын архиви берилген.
ПАБАЙ АГА ЖАНА ПОЛ АГА: КЛИМАТТЫК АДИЛЕТТҮҮЛҮК
Катышуучулар Австралиядагы Торрес кысыгынын аралдарынан чыккан эки коомдук лидер – Пабай ага менен Пол аганын окуясы менен таанышышат. Алар климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы күрөшүп келишет. Бул өзгөрүүлөр алардын жашоо образына, коомчулугуна жана маданиятына таасирин тийгизүүдө. Ошондой эле алар парник газдарынын бөлүнүп чыгышын жетиштүү деңгээлде кыскартпай жаткан Австралия өкмөтүнүн саясатына каршы аракеттенишет.
НЕГИЗГИ ТҮШҮНҮКТӨР
- Түпкүлүктүү элдердин укуктары
- Климаттык адилеттүүлүк
- Жашоо, саламаттык сактоо, турак жай, суу жана жетиштүү тамак-ашка болгон укук
- Маданий укуктар
ОКУТУУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
- Катышуучулар климаттын өзгөрүшү адам укуктарына кандай таасир этерин түшүнүшөт.
- Катышуучулар климаттын өзгөрүшү дүйнөлүк маселе экенин, бирок анын кесепеттери бардык адамдарга бирдей таасир этпей турганын аңдап түшүнүшөт.
- Катышуучулар маданий өзгөчөлүктүн маанисин жана климаттык адилеттүүлүк үчүн күрөшүп жаткан жергиликтүү элдердин кыймылдарынын ролун түшүнүшөт.
МАРИНЕЛЬ САМУК УБАЛЬДО: КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ — АРАКЕТ КЫЛУУГА УБАКЫТ КЕЛДИ
Катышуучулар климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан кыйратуучу аба ырайынын кубулуштары адамдардын кадыр-баркына жана жамааттардын жамааттык укуктарына кандай таасир этерин билишет. Алар адам укуктары менен климаттын өзгөрүшүнүн ортосундагы байланышты изилдеп, бул көйгөйдөн эң көп жабыркаган адамдарды колдоого даяр болушат.
НЕГИЗГИ ТҮШҮНҮКТӨР
- Климаттын өзгөрүшү
- Экологиялык укуктар жана айлана-чөйрөнү коргоо
- Жаштардын жарандык активдүүлүгү
- Жашоо, суу, тамак-аш жана турак жайга болгон укук
- Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар
ОКУТУУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
- Катышуучулар адам укуктары, климаттын өзгөрүшү жана башка экологиялык маселелер бири-бири менен тыгыз байланышта экенин түшүнүшөт.
- Катышуучулар климаттын өзгөрүшүнөн эң көп жабыркаган адамдарды, анын ичинде Маринель Самук Убальдону колдоо боюнча иш-чаралардын идеяларын иштеп чыгышат.
НАСУ АБДУЛАЗИЗ: ҮЙ ЖОК БОЛСО — КАДЫР-БАРК ДА ЖОК
Катышуучулар мажбурлап көчүрүү деген эмне экенин жана анын натыйжасында кандай адам укуктары бузуларын билишет. Ошондой эле алар эл аралык укукка ылайык мамлекеттик органдардын мындай көчүрүүлөрдө кандай роль ойной аларын түшүнүшөт. Мындан тышкары, Нигериядагы жаштар өздөрүнүн жана өз жамааттарынын укуктарын коргоо үчүн кантип биригип жатканын үйрөнүшөт.
НЕГИЗГИ ТҮШҮНҮКТӨР
- Жаш укук коргоочулар
- Мажбурлап көчүрүү
- Укуктук кепилдиктер
- Турак жайга болгон укук
ОКУТУУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
- Катышуучулар мажбурлап көчүрүү деген эмне экенин, анын адамдарга жана бүтүндөй үй-бүлөлөргө кандай таасир тийгизерин, ошондой эле анын бир катар адам укуктарын, анын ичинде турак жайга болгон укукту кандайча бузарын түшүнүшөт.
- Катышуучулар көчүрүү жүргүзүлгөн учурда мамлекет адамдарды жана бүтүндөй жамааттарды коргоо үчүн кандай чараларды көрүүгө милдеттүү экенин билишет.

