Онлайн-ресурстар

Бул курстан сиз адам укуктарын коргоо боюнча аракеттенүүгө керектүү билимди жана көндүмдөрдү аласыз. Курстун узактыгы: 1 саат 30 мүнөт. Курсту аяктагандан кийин сертификат алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Курсту баштооСабак пландары
Мындан болжол менен жыйырма жыл мурун Польшада активисттердин чакан тобу 24 сааттык кат жазуу марафонун уюштурган. Кийинчерээк бул демилге башка өлкөлөрдө да колдоо таап, кеңири жайыла баштаган. «Кат жазуу марафону» бүгүнкү күндө дүйнөдөгү адам укуктарын коргоо боюнча эң ири жыл сайын өткөрүлүүчү акция болуп саналат. Төмөндө кыргыз тилиндеги сабак пландарынын архиви берилген.
ПАБАЙ АГА ЖАНА ПОЛ АГА: КЛИМАТТЫК АДИЛЕТТҮҮЛҮК
Катышуучулар Австралиядагы Торрес кысыгынын аралдарынан чыккан эки коомдук лидер — Пабай ага менен Пол аганын окуясы менен таанышышат. Алар климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы күрөшүп келишет. Бул өзгөрүүлөр алардын жашоо образына, коомчулугуна жана маданиятына таасирин тийгизүүдө. Ошондой эле алар парник газдарынын бөлүнүп чыгышын жетиштүү деңгээлде кыскартпай жаткан Австралия өкмөтүнүн саясатына каршы күрөшүп келишет.
НЕГИЗГИ ТҮШҮНҮКТӨР
- Түпкүлүктүү элдердин укуктары
- Климаттык адилеттүүлүк
- Жашоо, саламаттык сактоо, турак жай, суу жана жетиштүү тамак-ашка болгон укук
- Маданий укуктара
ОКУТУУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
- Катышуучулар климаттын өзгөрүшү адам укуктарына кандай таасир этерин билишет.
- Катышуучулар климаттын өзгөрүшү дүйнөлүк кризис экенин, бирок анын кесепеттери бардык адамдарга бирдей таасир этпей турганын аңдап түшүнүшөт.
- Катышуучулар маданий өзгөчөлүктүн маанисин жана климаттык адилеттүүлүк үчүн күрөшүп жаткан жергиликтүү элдердин кыймылдарынын ролун түшүнүшөт.
МАРИНЕЛЬ УБАЛЬДО: КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ — АРАКЕТ КЫЛУУГА УБАКЫТ КЕЛДИ
Катышуучулар климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан кыйратуучу аба ырайынын кубулуштары адамдардын кадыр-баркына жана топтордун жамааттык укуктарына кандай таасир этерин билишет. Алар адам укуктары менен климаттын өзгөрүшүнүн ортосундагы байланышты изилдеп, бул көйгөйдөн эң көп жабыркаган адамдарды колдоого даяр болушат.
НЕГИЗГИ ТҮШҮНҮКТӨР
- Климаттын өзгөрүшү
- Экологиялык укуктар жана айлана-чөйрөнү коргоо
- Жаштардын жарандык активдүүлүгү
- Жашоо, суу, тамак-аш жана турак жайга болгон укук
- Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар
ОКУТУУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
- Катышуучулар адам укуктары, климаттын өзгөрүшү жана башка экологиялык маселелер бири-бири менен тыгыз байланышта экенин түшүнүшөт.
- Катышуучулар климаттын өзгөрүшүнөн эң көп жабыркаган адамдарды, анын ичинде Маринель Убальдону колдоо боюнча иш-чаралардын идеяларын иштеп чыгышат.

