Онлайн-ресурстар

Бул модулда сексуалдык зомбулук адам укуктары менен кандай байланышта экенин үйрөнөсүз. Модулдун узактыгы: 20 мүнөт.
Модулдан өтүүСабак пландары
Мындан болжол менен жыйырма жыл мурун Польшада активисттердин чакан тобу 24 сааттык кат жазуу марафонун уюштурган. Кийинчерээк бул демилге башка өлкөлөрдө да жайылып кеткен. Бүгүнкү күндө «Кат жазуу марафону» дүйнөдөгү адам укуктарын коргоо боюнча эң ири жыл сайын өткөрүлүүчү акция болуп саналат. Төмөндө кыргыз тилиндеги сабак пландарынын архиви берилген.
ЮСТИНА ВЫДЖИНЬСКА: АБОРТ ЖАНА АДАМ УКУКТАРЫ
Катышуучулар укук коргоочу аялдардын туш болгон кыйынчылыктары, ден соолукка болгон укук жана коопсуз аборт кызматтарына жеткиликтүүлүктүн мааниси тууралуу Юстина Выджиньсканын чыныгы окуясынын негизинде билишет. Ал кош бойлуулукту токтотуу үчүн керектүү дары-дармектерди алууга башка аялга жардам бергени үчүн соттолгон.
НЕГИЗГИ ТҮШҮНҮКТӨР
- Аял укук коргоочулар
- Сексуалдык жана репродуктивдик укуктар
- Ден соолукка болгон укук
- Коопсуз аборт кызматтарына жеткиликтүүлүк
ОКУТУУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
- Катышуучулар коопсуз аборт кызматтарынын жеткиликтүү болушунун маанисин жана мындай мүмкүнчүлүк жок болгондо жаралуучу кесепеттерди түшүнүшөт.
- Катышуучулар сексуалдык жана репродуктивдик саламаттык боюнча кызматтарга кайрылган аялдар кандай тоскоолдуктарга туш болорун билишет.
- Катышуучулар аял укук коргоочулар кандай кыйынчылыктарга туш болорун түшүнүшөт.

