Filters applied

2 натыйжалар

Тизмектөө
  • Кытай: Шиңжандагы туткундардын үй-бүлөлөрү БУУнун узак мөөнөттүү отчетун күтүп жатып, өз пикирлерин билдирүүдө

    • Эл Аралык Мунапыс Уюмунун (Amnesty International) негизсиз камакка алуу өнөктүгүнө болжол менен 50гө жакын жаңы кармалгандар кошулуп, алардын жалпы саны 120га жетти.

  • Кытайдын Шинжаңдагы мусулмандарга кылган катаал басымы адамзатка каршы жазалган кылмыштарга тең келет

    Эл аралык Мунапыс Уюму бүгүн жаңы отчетун жана өнөктүгүн баштоо менен: “Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялуу аймагында жашаган уйгурлар, казактар, жана башка басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн улуттук азчылыктын өкүлдөрү, адамзатка каршы жазалган кылмыштарга тең келген жана системалуу түрдө мамлекеттин уюштуруусу менен жалпы камакка алынып, кыйноолорго дуушар болууда жана куугунтукка кабылууда”, деп билдирет.Эл аралык Мунапыс Уюмунун Кризиске каршы күрөшүү тобу 160 беттен турган “Согушта Душман Өңдүү Сыяктуубуз”: Кытайдын Шинжаңдагы Мусулмандарды Массалык Кармап-Камоосу, Кыйноосу жана Куугунтуктоосу’ аттуу отчетунда, Кытай бийлигинин 2017-жылдан бери аталган аймактын мусулман азчылык өкүлдөрүнүн эң башта диний ишенимдерин, маданий каада-салтын жана жергиликтүү тилдерин түп-тамырынан бери жок кылуу багытында ашкере колдонгон чараларын кеңири баяндаган мурдагы туткундардын жаңы көрсөтмөлөрүн жарыялады.Кытай бийлиги Шинжаң аймагына дүйнөдөгү эң таатал байкоо салуу системасын орнотуп, жүздөгөн “тарбия берүү аркылуу трансформациялоо” борборлорун, же башкача айтканда кармоочу лагерлердин кеңири тармагын түзгөн. Лагерлерде кыйноолор жана башка катаал мамилер системалуу түрдө жасалып, секулярдуу, бир тектүү Кытай улутунун жана Коммунисттик партиянын идеалдарын күч менен сиңирүү аракетинде, бул жайлардагы күнүмдүк жашоонун ар бир аспекти катуу көзөмөлгө алынган.