16-январда милиция кызматкерлери Кыргызстанда коррупция боюнча айыптоолорду иликтеген эки көз карандысыз “Айт Айт десе” жана “Темиров LIVE” медиа-долбоорлорунун мурдагы жана учурдагы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүздү. Алардын арасында “Темиров LIVE” каналынын жетекчиси Махабат Тажибек кызы жана 23 жаштагы фактыларды текшерүүчү Айке Бейшекеева да бар. Социалдык тармактарда жарыяланган видеодон келип чыккан “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 11 адамдын баары сурак берүү үчүн камакка алынган. Эми аларга расмий айып тагылып, тергөө абагында отурушат жана 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. 12-марттан 9-апрелге чейин алты журналист тергөө абагынан үй камагына которулуп, бирөө эч жакка кетпөө тил катынын негизинде чыгарылды. Бирок аларга коюлган айыптар алынып салынган эмес. Ал эми Махабат, Айке жана дагы эки журналист камакта калтырылды.

