Соңку жылдары Кыргызстанда сөз эркиндиги, тынч жыйын өткөрүү жана биригүү эркиндиги үчүн мейкиндик олуттуу түрдө тарып кетти. Айрыкча акыркы 18 айдын ичинде бийлик органдары жарандык коомдун жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын негизделген каршылыктарына карабастан, мыйзамдуу коомдук сын-пикирлерди жана тынч каршылык билдирүүнүн бардык формаларын басуу аракеттерин күчөттү. Өкмөт саясатын сынга алган журналисттер жана активисттер социалдык тармактардагы чабуулдарга, негизсиз кармоолорго, жүйөсүз кылмыш иштеринин козголушуна жана адилетсиз сот процесстерине туш болушту.
Бийлик мыйзам үстөмдүгүн алсыратуу жана сөз эркиндигин негизсиз чектөө үчүн маданий салттар жана улуттук баалуулуктар тууралуу так эмес аныкталган түшүнүктөрдү илгерилеткен дискриминациялоочу мыйзам демилгелерин колдонду. Ошондой эле алар саясий ишмердүүлүктүн өтө кеңири аныктамаларын пайдаланып, биригүү эркиндигин чектешти.

