Көпчүлүгү мусулман этникалык азчылык топтордогу 48 адамдын Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык аймагындагы түзөтүүчү лагерлерде кармалып же акыйкат сот чечими жок эле түрмөлөргө жөнөтүлгөнү айтылууда. Алар “Шинжаң туткундарын бошотуу” өнөктүгүнө киргизилип, учурда тизмедеги кармалгандардын саны 120 адамга жетти. Бул кейстер 2017-жылдан бери аймакта кармалган болжолдуу 1 миллион же андан көп эркектер менен аялдардын тагдырын чагылдырат. Кытай өкмөтү атайын максаттуу түрдө Шинжаңда негизинен уйгурларды, казактарды жана башка басымдуу бөлүгү мусулман этникалык азчылыктарды бутага алып, аларды массалык түрдө камакка алуу менен кыйноо көрсөтүп жана башка катаал мамилелерди жасап келет. Кытай бийликтери Шинжаңдагы түзөтүүчү лагерлердеги жана өзұм билемдик менен мыйзамсыз кармалган бардык адамдарды дароо бошотууга тийиш.
Index Number: ASA 17/5905/2022
Also available in English,Español,Français,Қазақ Тілі,Русский

