Кыргызстандын бийлиги тынчтык жыйындарга чыккан активисттерди коркутууну токтотушу керек 

Бишкекте укук коргоочу Төлөкан Исмаилованын жана башка жарандык активисттердин суракка алынышына байланыштуу Amnesty International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Денис Кривошеев мындай деп билдирди:

«Кыргызстандын бийлиги адам укугун коргоочуларга жана жарандык активисттерге кысым көрсөтүүнү токтотушу керек. Мындай укукту ишке ашыруу пландары же социалдык тармактардагы билдирүүлөр үчүн суракка чакыруу коркутуудан башка эч нерсе эмес».

«Бир нече жылдан бери Бишкекте тынч жыйын өткөрүү укугу катуу чектелип, бул укуктан пайдаланууга аракет кылгандар катаал куугунтукка алынууда. Борбор калаанын борбордук бөлүктөрүндө акцияларды өткөрүүгө тыюу салууну байма-бай узартып келген сот чечимдери бул укукту жөн гана куру сөзгө айлантты. Иш жүзүндө жарандарга нааразылык билдирүү үчүн алыс жайгашкан бир гана аянтча калтырылган. Бул – ченемден ашыкча жана дискриминациялык чектөө гана эмес, адам укугунун маңызын шылдыңдоо болуп саналат», – деп баса белгиледи ал.

Бир нече жылдан бери Бишкекте тынч жыйын өткөрүү укугу катуу чектелип, бул укуктан пайдаланууга аракет кылгандар катаал куугунтукка алынууда

Денис Кривошеев, Amnesty International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары

«Кыргызстандын бийлиги эл аралык укуктарда, анын ичинде Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактта жана Кыргызстандын Конституциясында ой-пикирин билдирүү жана тынч жыйын өткөрүү эркиндигин урматтоого жана коргоого милдеттүү. Нааразылык акцияларын өткөрүүгө коюлган бардык негизсиз жана өзүм билемдик менен кабыл алынган чектөөлөр токтоосуз түрдө жоюлушу керек», – деп билдирди Денис Кривошеев.

Маалымат үчүн

13-мартта укук коргоочу Төлөкан Исмаилова анын Facebook баракчасына «мониторинг жүргүзүлгөндөн кийин» Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери аны суракка алып кетишкенин билдирди. Милициянын кызматтык документинде анын баракчасындагы жарыялар социалдык тармак колдонуучуларынын «терс реакциясын» жараткандыгы айтылган, бирок кайсы пост тууралуу сөз болуп жатканы так көрсөтүлгөн эмес.

Ошол эле күнү Исмаилова башка активисттер менен бирге Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясынын алдында тынч акция өткөрүүнү пландаган. Акция жарандардын тынч жыйын өткөрүү укугун коргоого арналмак. Суракка ошондой эле активист Бермет Борубаева жана режиссер-документалист Булат Сатаркулов да жеткирилген. Үчөө тең болжол менен алты сааттан кийин бошотулган.